Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Турсунбеков: жардамчым күнөөсүз экенине ишенем

Парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнүн жардамчысына карата кылмыш иши ачылганын "Азаттыкка" ырастады. Депутат жардамчысынын мыйзамсыз ишке барарына ишенбей тургандыгын, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” билдирди:


- Жардамчымды УКМКга чакырып сурашкан. Менин түшүнгөнүмө караганда айыпталуучу жардамчымды күнөөлөп чыккан окшойт. Бирок бул кылмышка тиешеси жок экенине 200 пайыз ишенем. Эгерде тиешеси бар экенин далилдеп бере турган болсо - маселе жок. Бирок ага эч кандай далил жок деп ойлойм. "Баарын алам" деген Арсен, кагаз даярдаган да ошол киши. Менин жардамчымдын кандай тиешеси бар экенин түшүнө элекмин. Менин байкагым боюнча Арсен Закиров куру доомат артып жатат окшойт, - деди Турсунбеков.


Бүгүн УКМК Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 171 жана 350-беренелери ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "Документтерди жасалмалоо") боюнча иш козголгонун билдирген.


Атайын кызмат парламенттеги 30 миң доллардын уурдалышы боюнча экс-спикер Чыныбай Турсунбековду да бир сыйра суракка чакырып, парламенттин Эл аралык комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экөө беттешкен. Шадиев эки жолу суракка чакырылып, көрсөтмө берген.


Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан.


Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.


Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу камакка алган.(UEz)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *