Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2018

Новости за 30.03.2018

Azattyk.org 

Мусабек Токоман: Жазыксыз жайран болгон тоолук

"Куугунтук курмандыктары" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында 1937-жылы ак жерден камалып, сталинизмдин жазыксыз курмандыгы болгон Мусабек Токоман уулунун бейнесине арналган баянды сунуштайбыз.

Azattyk.org 

Газа секторундагы кагылыш

Газа секторундагы кагылышта өлгөндөрдүн саны онго жетти. Бул тууралуу Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлери менен кагылыштан он кишинин өмүрү кыйылып, дагы жүздөгөндөрү жаракат алды.Жараат алгандардын арасында чыныгы жана желим ок тийгендери, көздөн жаш агызуучу газдан жабыркагандары бар.Кагылышуу палестиндердин Израилдин чек арасында мерчемделген нааразылык акциясы башталып жаткан учурга туш келди.

Azattyk.org 

Газа секторундагы кагылышта өлгөндөрдүн саны онго жетти

Бул тууралуу Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлери менен кагылыштан он кишинин өмүрү кыйылып, дагы жүздөгөндөрү жаракат алды. Жараат алгандардын арасында чыныгы жана желим ок тийгендери, көздөн жаш агызуучу газдан жабыркагандары бар. Кагылышуу палестиндердин Израилдин чек арасында мерчемделген нааразылык акциясы башталып жаткан учурга туш келди. Израил армиясынын өкүлү Рейтердин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Британия: Орусиянын кадамы фактыларды өзгөртпөйт

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Орусиянын кадамы кол салуу боюнча “фактыларды” өзгөртпөйт. Ал эми “британ жеринде эки адамды өлтүрүү аракетине” Орусия күнөөкөр жана ал “эл аралык укукту, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык конвенцияны чектен чыгуу менен бузду” деген бүтүмгө альтернатива жок. Расмий Лондон Москванын Британия Орусиядагы дипломаттарынын санын бир ай ичинде Орусиянын Британиядагы миссиясына теңдеп кыскартуусу керек деген эскертүүсүн “өкүнүчтүү”, бирок “күтүлгөн” деп атады. Читать дальше...

Пресс.kg 

Мэр менен шаардык кеңештин чыры

Караколдо шаардык кеңеши менен шаар башчысынын ортосунда пикир келишпестик болуп жатат. Шардык кеңештеги депутаттар тобу мэрдин кызматтан кетишин талап кылышууда. Караколдун мэри Данияр Арпачиев болсо кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып, бирок аны премьер-министр канааттандырбаганын билдирди. Бул тууралуу ал: “Чынында жумуштан кетүү боюнча өз каалоом менен арыз жазып бергем. Бул арызды жазууга шаардык кеңештин кээ бир […]

Azattyk.org 

Баңгизатка байланган жаштык

Жаштар арасында буйтка жерде же жертөлөдө жашынып желим жыттоо, эс-мас кылчу чөп-чар чегүү кеңири тараганы маалым. Учурда спайс, метамфетамин, экстази өңдүү адамды дендароо кылчу заттар кенен-кесири сатылат.

Azattyk.org 

Бишкектеги соода борборлорунда өрткө каршы машыгуу өттү

Бүгүнкү машыгуу Бишкек шаарындагы "Азия Молл", "Бишкек Парк", "Балдар дүйнөсү" соода-оюн зоок борборлорунда жана "Аламүдүн" базарында өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Машыгууда өрт өчүрүүчүлөр өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, соода жайларынын эвакуациялык шарттарын, алардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин аракеттерин сынап көрүштү. Натыйжада айрым кемчиликтер аныкталып, алар мекеме жетекчилерине эскертилди. ӨКМден кабарлашкандай, адамдар көп чогулган жерлерде өрткө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия дипломаттарын чыгарган өлкөлөрдүн элчилерин ТИМге чакырды

Отуз мамлекеттин элчиси бүгүн Москванын жообу тууралуу маалымат алышы үчүн чакырылганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мунун алдында кечээ тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва да АКШ, Британия жана башка мамлекеттердикине барабар сандагы чет элдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарарын билдирген. Буга кошумча Москва бүгүн Лондон бир ай ичинде өз дипломаттарынын санын Орусиянын Британиядагы миссиясына тең кылып, кыскартуусу керектигин да жарыялады. Бул сан азырынча  белгисиз. Орусия чечимине ылайык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Косово алты «гүленчини» Түркияга кетирди

Москва "Скрипал иши" боюнча чуудан улам АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугун жабарын жана башка мамлекеттерге да өздөрүнө жараша жооп кайтарарын билдирди. Түркия Балкан өлкөлөрүнөн 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине айыпталган Гүлен кыймылынын мүчөлөрү делген адамдарды өткөрүп алуу аракеттерин улантууда. Тарыхый мекенине кайткан казактардын жарандык алышы кыйындады.

Azattyk.org 

Косоводо Түркияга депортация болгондор үчүн эки жетекчи иштен алынды

Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинаж бүгүнкү билдирүүсүндө өлкөнүн ички иштер министри менен чалгын агенттигинин башчысын кызматтан алды. Харадинаж өз билдирүүсүндө мындай чечимин Түркиянын алты жараны Анкарага депортация кылган операциядан кабардар болбогону меннен түшүндүрдү.  Ал эми Косово парламентиндеги оппозициячыл депутаттар премьер-министр өкмөттүк институттарды көзөмөлдөй албай калды деген жүйө менен мөөнөтсүз шайлоо өтүшүн талап кылышты. Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия-Батыш: дипломатия тиреши

Мурдагы орусиялык тыңчы, учурдагы британ жараны Сергей Скрипалдын ууландырылышынан кийин Орусия менен Батыш мамлекеттеринин ортосунда тутанган дипломатиялык тирешүү уланууда. Кечээ Москва АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугун жабарын жана орусиялык канча дипломат чыгарылса, Москва да Орусиядан ошончосун кетирерин билдирди.

Azattyk.org 

Айтматов сыйлыгы: экс-спикер көрсөтмө берди

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн каражаттын жоголушу боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду. Окуяга байланыштуу ишти тергеп жаткан УКМК парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысына кылмыш ишин козгоду.

Azattyk.org 

Ошто курулган үйлөр боюнча козголгон кылмыш иши жанданды

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы боюнча козголгон кылмыш иши жандандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов Бишкекте өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Молдокматов конкреттүү кайсы кылмыш иши кайрадан иликтене баштаганын ачык айткан жок.   Буга чейин Эсеп палатасы Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 118 миллион сомду максатсыз жумшаганын аныктаган. Бул фактыларга байланыштуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Прокуратура менен ИИМ кайым айтышууга өттү

Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги ачылган кылмыш иштеринин саны, алардын убактылуу жана биротоло токтотулушуна байланыштуу бири-бирине доомат артып киришти.

Azattyk.org 

Израил менен Газа секторунун чегиндеги кагылыштан үч палестин мерт болду

Бул тууралуу Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, Израилдин аскерлери менен кагылыштан үч адамдын өмүрү кыйылган. Андан тышкары дагы 365 киши жабыркады. Жараат алгандардын отузуна чыныгы жана желим ок тийсе, калгандары көздөн жаш агызуучу газдан жабыркаган. Окуя палестиндердин Израилдин чек арасында мерчемделген нааразылык акциясы башталып жаткан учурга  туш келди. Соңку  кагылыштар боюнча Израилдин армиясы азырынча комментарий бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кайрылмандарды кайгырткан чечим

2010-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси чыңалып турган учурда ал жактагы кыргыздар Кадамжайга көчүп келген. Жер алып, отурукташкан мекендештер учурда сегиз жылдан бери эптеп курган тамынан ажырап калышы ыктымал. Экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекциясы Кадамжайдын Достук айылынан турак жай үчүн берилген жердин токтому мыйзамсыз деген негизде курулган үйлөрдү буздуруу талабы менен сотко кайрылган. Достук айылындагы 65 үй-бүлө үйлөр курулуп жатканда анын мыйзамсыз экенин эч кандай мекеме эскертпегенин айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кумтөрдө" өчкөн өмүр

"Кумтөр" кенинде эки жыл мурун каза тапкан жумушчу Керимбек Корголдоевдин жакындары "анын өлүмүнө күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жатат" деп нааразы.

Azattyk.org 

Турсунбеков: жардамчым күнөөсүз экенине ишенем

Парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнүн жардамчысына карата кылмыш иши ачылганын "Азаттыкка" ырастады. Депутат жардамчысынын мыйзамсыз ишке барарына ишенбей тургандыгын, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” билдирди: - Жардамчымды УКМКга чакырып сурашкан. Менин түшүнгөнүмө караганда айыпталуучу жардамчымды күнөөлөп чыккан окшойт. Бирок бул кылмышка тиешеси жок экенине 200 пайыз ишенем. Эгерде тиешеси бар экенин далилдеп бере турган болсо - маселе жок. Бирок ага эч кандай далил жок деп ойлойм. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чыныбай Турсунбеков: "Жардамчым күнөөсүз экенине ишенем"

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнүн жардамчысына кылмыш иши ачылганын "Азаттыкка" ырастады. Депутат өз жардамчысынын мыйзамсыз ишке барарына ишенбей тургандыгын, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” билдирди: - Жардамчымды УКМКга чакырып сурашкан. Менин түшүнгөнүмө караганда, айыпталуучу жардамчымды күнөөлөп чыккан окшойт. Бирок бул кылмышка тиешеси жок экенине 200 пайыз ишенем. Эгерде тиешеси бар экенин далилдеп бере турган болсо - маселе жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айтматов тууралуу роман жарык көрдү

Илимдер академиясында адабиятчы, жазуучу Самсак Станалиевдин “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары өттү. Чыгарма адамзаттын залкар ойчул калемгери Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө, тагдыр-турмушуна, чыгармачылыгына, ошондой эле ал жашаган мезгил тарыхына, адабиятыбыздын өнүгүү жолундагы оош-кыйыштарга арналган. 750 беттен турган көлөмдүү роман “Буюккан күндөр”, “Тамчы жаш”, “Жомоктун кайтып келиши” деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Китептин баш сөзүндө академик Абдылдажан Акматалиев чыгарма жөнүндө... Читать дальше...

Azattyk.org 

С.Станалиевдин Чыңгыз Айтматов тууралуу романы жарык көрдү

Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясында таанымал адабиятчы, жазуучу Самсак Станалиевдин “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык үчилтик романынын бет ачары өттү. Чыгарма адамзаттын залкар ойчул калемгери Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) өмүрүнө, тагдыр-турмушуна, чыгармачылыгына, ошондой эле ал жашаган мезгил тарыхына, адабиятыбыздын өнүгүү жолундагы оош-кыйыштарга арналган. 750 беттен турган көлөмдүү роман “Буюккан күндөр”, “Тамчы жаш”, “Жомоктун кайтып келиши” деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чехия орус хакерин АКШга экстрадиция кылды

Вашингтон да, Москва да өткөрүп алууну каалаган Евгений Никулин АКШга депортация болгонун бүгүн Чехиянын Юстиция министрлиги ырастады. Ал америкалык ири интернет компанияларга, анын ичинде LinkedIn жана Dropbox компанияларына хакерлик жасап, компьютерлерге кирип, жеке маалыматтарды уурдаганы үчүн айыпталган. Эгер күнөөлүү деп табылса, АКШда отуз жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Никулин 2016-жылдын октябрь айында Чехияда камакка алынгандан кийин аны өткөрүп алуу өтүнүчүн расмий Прагага АКШдан соң Орусия да жолдогон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өгөй кызына жыныстык ыдык көрсөткөн жаранга сот өкүмү чыкты

"Өзүнүн өгөй кызына жыныстык ыдык көрсөттү" деген шек менен камакка алынган Ат-Башы районунун 37 жаштагы тургунуна карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков билдирди. Анын айтымында, соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, айыпталуучу психикалык жактан жабыркай тургандыгы аныкталган. Ошондон улам Ат-Башы райсоту айыпталуучуга карата козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып, аны Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: 31-мартта 27 градус жылуу болот

Күн жылыганына байланыштуу ушул күндөрү Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. ​ 1-апрелден 3-апрелге чейин жаан-чачын болуп, тоолуу аймактарга кар түшөт. 31-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 10...13, күндүз 22...27, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16... Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *