Кытайдан Кыргызстанга 269 миллион доллар түз инвестиция келди
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдан Кыргызстанга 269 миллион доллар түз инвестиция келди. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин төрагасынын орун басары Шумкар Адилбек уулу "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, Кытай Кыргызстанга түшкөн тикелей инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы үч өлкөнүн бири.
Статистикага таянсак, 2016-жылы кытайлык түз инвестиция 200 миллион доллардын тегерегинде болгон. 2015-жылы мунай иштетүүчү “Жунда” заводунун курулушуна байланыштуу 500 миллион доллар инвестиция келген.
Чет мамлекеттерден келген каражат насыя жана түз инвестиция түрүндө келет.