Трамп: Сирияга сокку “мыкты аткарылды”
АКШ президенти Дональд Трамп мындай көз карашты бүгүн "Твиттердеги" баракчасы аркылуу билдирди. Трамптын жазгандарына караганда, Сирияга өткөн түнкү сокку “мыкты аткарылды”, ал “мындан жакшы жыйынтыкка жете алмак эмес”.
АКШ президенти “миссия толугу менен орундалды” деп белгиледи.
Бишкек убактысы боюнча бүгүн эртең менен ал Ак үйдөн жасаган жарыясында Сирияга аскерий соккунун максаты тууралуу буларды айткан:
- Өткөн ишемби күнү Асаддын режими бул ирет борбор Дамасктан алыс эмес Дума шаарында бейкүнөө жайкын тургундарды жок кылууүчүн кайрадан химиялык курал колдонду. Аталган кыргын бул коркунуучтуу режим тарабынан химиялык куралды колдонуунун кыйла күчөшү болду. Биздин бүгүнкү аракеттердин максаты химиялык куралды колдонууну, өндүрүүнү, таратууну токтото турган күчтүү факторду түзүү. Бул карасанатайлыктарга Америка, Британия, Франциянын биргелешкен жообу биздин аскерий, экономикалык, дипломатиялык кубатыбыздын баардык аспаптарын камтыйт. Биз бул жоопту Сирянын режими тыюу салынган химиялык заттарды колдонууну токтотмоюнча кармоого даярбыз.
АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагондун билдиргенине караганда, Сирияны карай 100дөн ашуун ракета атылды. Бутага президент Башар Асаддын режиминин химиялык курал программасына тикелей байланышы бар үч жай алынды. Жарандык согушта Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин колдоп келе жаткан Орусия менен Иран АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн аскерий аракетин дароо жана кескин айыптады. Орусия бүгүнкүгө да БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул отурумун кайрадан чакырууда. АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги химиялык чабуул деген окуядан уламСирияга жооп кайтарууну бир аптадан бери караштырып жаткан. Анда Дума шаарчасында хлор газы колдонулганда, оппозиция активисттеринин, жергиликтүү куткаруучулардын айтымында,43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 адам «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген симптомдордон» жабыр тарткан. Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым”деп мүнөздөп , эч кандай химиялык чабуул болгон эмес деп ырасташкан.