Ереванда миңдеген киши Саргсянга каршы акцияга чыгышты
Армениянын борбору Ереван шаарынын башкы аянтында миңдеген адамдар мурдагы президент Серж Саргсянга бийликти сактап калууга жардам берген өкмөттүк өзгөрүүлөргө каршы акцияга чогулушту.
Демонстрация президенттин бийлигин алсыратып, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын бекемдеген жана үч жыл мурун кабыл алынган мыйзамдык өзгөртүүлөр менен байланыштуу.
9-апрелдеги шайлоодо Армениянын жаңы президенти болуп Армен Саркисян шайланган. Бирок анын Серж Саргсян менен туугандык байланышы жок.
Мурдагы президент Серж Саргсяндын партиясы парламентте башкаруучу болуп саналат. Ал жакын арада премьер-министр болот деп күтүлүп жатат.