Путин төртүнчү президенттик мөөнөтүнө киришти
Москвада 65 жаштагы Владимир Путин дагы алты жылга Орусиянын президенти катары бүгүн расмий кызматына киришип, ант берди. Анын төртүнчү президенттик мөөнөтүнө каршы 5-майда Орусиянын ондогон шаарында митингдер өттү. 18 жылдан бери бийлик башындагы Владимир Путин жаңы мөөнөткө кызматка кириши менен эми Орусияда Сталинден кийин эле бийликте эң узак отурган лидер болуп калат.