БУУ Ооганстандын түндүгүндөгү аба соккуларын сындады
Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын миссиясы өлкө түндүгүндө жайгашкан Кундуз провинциясындагы ооган коопсуздук күчтөрүнүн аба соккуларынан 36 киши, анын ичинде 30 баланын өмүрү кыйылган операциянын жүргүзүлүшүн сындады. Эл аралык миссиянын 7-майдагы билдирүүсүндө операция маалында ооган аба күчтөрү тик учактардан ракета атып, пулеметтордон ок жаадырганын сындап, карапайым жарандарды сактоого канчалык көңүл бурулган деген суроо коёт. Атайын операция 2-апрелде Лагмани кыштагында жүздөгөн эркектер менен балдар намаз окуп жатканда ишке ашкан. Читать дальше...