Путиндин төртүнчү мөөнөтү башталды
65 жаштагы Владимир Путин бүгүн ант берип, дагы алты жылга Орусиянын президенти кызматына расмий киришти. Анын төртүнчү президенттик мөөнөтүнө каршы 5-майда Орусиянын ондогон шаарында митингдер өттү. 18 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Владимир Путин жаңы президенттик мөөнөткө кириши менен Орусияда Сталинден кийин эле бийликте эң узак отурган лидер болуп калат.