Путиндин бийлик мөөнөтү Сталинге жакын калды
Орусиянын лидери Владимир Путин ант берип, төртүнчү президенттик мөөнөтүнө расмий киришти. Түркияда мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүгү башталды. Президент Эрдоганга атаандаш болом дегендердин арасында аял саясатчы да бар. Эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай, кийинки аптада АКШ Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрмөкчү.