Назарбаев киберкоркунучтарга каршы аскерий бөлүк түздү
Казакстанда аскерий жана геосаясий коркунучтардан коргонуу максатында атайын аскердик бөлүк түзүлдү. Бул тууралуу 7-майда өткөн аскердик парадда президент Нурсултан Назарбаев билдирди.
«Жаңы коркунучтарга эффективдүү жооп берүү жана коопсуздукту камсыздоо максатында атайын операцияларды аткара турган күчтөр түзүлдү. Жаңы бөлүк киберкоркунучтарга каршы аракеттенет. Ал өлкөнүн коргонуу системасына киргизилди”, - деди Назарбаев.
Аскердик парад Жамбыл облусундагы “Отар” базасында өттү. Ага үч миң жоокер жана 40тай учуучу аппараттар, атайын техниканын 300дөй түрү катышты.