Борбордогу “майлуу” жерлер кимдики?
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин түштүк аймагындагы республикалык административдик-маданий-иш борбор курулат делген 187 гектар жердин чоо-жайын иликетеди. Программанын жүрүшүндө аталган жер 22 гектарга кыскарганы аныкталды. Калганы мэриянын чечими менен жеке колдорго ижарага берилип кеткен. Арзыбаган акчага жер алгандардын арасында “Ихлас” компаниясы да бар.