Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2018

Новости за 16.05.2018

Azattyk.org 

Туск Трамптын Иран келишиминен чыгышын сындады

Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск АКШнын президентинин администрациясын сындады. Ал мындай пикирин 16-майда Болгариянын борбору София шаарында боло турган Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитин утурлай билдирди. Аталган саммитте АКШнын Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгышы жана санкцияларды кайрадан киргизүү аракети да талкууланат деп күтүлүүдө. - Кытайдын өсүүсү, Орусиянын агрессиялык позициясы сыяктуу адат болуп калган саясий проблемалардан тышкары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат: Жыйынга Атамбаев менен Жээнбековду да чакыргыла

Жогорку Кеңештин 16-майда сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Azattyk.org 

ЕБ Ирандын өзөктүк келишимин жактайбы?

Немис канцлери Ангела Меркел Ирандын өзөктүк келишимин коргоп чыкты. Ал кеминде он жылдык сүйлөшүүдөн кийин кол коюлган эл аралык келишимди азыр жокко чыгаруу туура эмес болоорун шаршембиде айтты.

Azattyk.org 

Тажикстан менен Беларустун ортосунда 15 келишимге кол коюлду

Беларус президенти Александр Лукашенконун Тажикстандагы үч күндүк иш сапарынын убагында ал президент Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Жолугушууда эки тараптуу 15 келишимге кол коюлган. Бул тууралуу Тажикстан президентинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, Минск менен Дүйшөмбү 2019-20120-жылдагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндөгү “жол картасына” кол койду. Дүйшөмбү шаарында тажик-беларус форуму да өтөт, ага Ооганстандан келген ишкерлер да катышмакчы.

Azattyk.org 

Палестин автономиясы төрт Европа өлкөсүндөгү элчилерин чакыртып алат

Палестин автономиясынын Тышкы иштер министрлиги Австриядан, Венгриядан, Румыниядан жана Чехиядан өзүнүн элчилерин кеңешүү үчүн чакыртып алат. Бул тууралуу маалымат Палестин автономиясынын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды. Билдирүүдөгү маалыматка караганда, бул өлкөлөрдүн Израилдеги элчилери АКШнын элчилигин Иерусалимде ачкан иш-чарага катышкан. Палестин автономиясынын Тышкы иштер министрлиги элчилер бул кадамы менен эл аралык укук нормаларын жана Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын бузганын белгилейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Борбордогу “майлуу” жерлер кимдики?

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин түштүк аймагындагы республикалык административдик-маданий-иш борбор курулат делген 187 гектар жердин чоо-жайын иликетеди. Программанын жүрүшүндө аталган жер 22 гектарга кыскарганы аныкталды. Калганы мэриянын чечими менен жеке колдорго ижарага берилип кеткен. Арзыбаган акчага жер алгандардын арасында “Ихлас” компаниясы да бар.

Azattyk.org 

Армения: Ереванда митингчилер мэрияга кирип барышты

16-майда Еревандын мэри Тарон Маркаряндын ишине нааразы болгон акциясынын катышуучулары ал жолугушууга чыкпай койгондон кийин кароолдун тоскоолдугуна карабай имараттын ичине кирип барышты. Митингчилер мэрди шаардын паркындагы көктөп турган дарактарды кыйып салганы үчүн күнөөлөп, аны жемкорлукка байланыштуу да айыпташууда. Демонстранттар Тарон Маркарянды 23-апрелде элдин көчө жүрүштөрүнөн кийин премьерлик кызматтан кетүүгө мажбур болгон Серж Саргсяндын адамы деп да эсептешет. Мэр кызматтан кетүүгө ниети жоктугун айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндүн Коммунист айылындагы селдин кесепети

Өткөн жекшемби түнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айыл өкмөтүнүн аймагындагы 92 үйдүн короосун сел каптап, бир жарым гектар айдоо аянты шагыл аралашкан суу алдында калды.

Azattyk.org 

Асылбек Жээнбеков: Уурулар жооп берсин (видео)

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) абал үчүн күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып ал “Уурулар жооп берсин!” деди: - Силер, өкмөт, шаштырдыңар. Биз силердин суранычыңырды аткардык. Жогорку Кеңеш келишимдеги бир да тамганы алмаштыра албайт. Ошонун баарын билип туруп “Ооба, биз кылдык эле. Ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын” дегендин ордуна силер өзүңөр баш болуп күнөөлүүлөрдү башка жактан издегиңер келип жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус абагындагы украин режиссеру Олег Сенцов ачкачылык жарыялады

Орусияда 20 жылга түрмөгө кесилген украиналык режиссер Олег Сенцов мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Ал Орусияда саясий негизде эркинен ажыратылган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылып жатат. Бул тууралуу режиссердун адвокаты Дмитрий Динзе маалымат каражаттарына билдирди. Сенцов учурда Ямало-Ненецк автоном аймагындагы түрмөдө жазасын өтөп жатат. Аны Крымдан Орусиянын күч түзүмдөрү 2014-жылдын жазында уурдап кетишкен. 2015-жылы аны орус соту аннексияланган "Крым жарым аралында террорчул уюм... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алтыбаева: Сот реформасы басаңдап калды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 15-майда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын маалыматын укту.

Azattyk.org 

Иманалиев: ЖЭБ боюнча Исаковдун жоопкерчилигин кароо керек

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо келишимин түзүү боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жоопкерчилиги каралышы керек. Мындай пикирин бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Иманалиев Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алганын, мындай байланыш ар кыл күмөн ойлорго түртөрүн айтып, депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча парламент... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иманалиев: ЖЭБ боюнча Исаковдун жоопкерчилигин караш керек (видео)

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо келишимин түзүү боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жоопкерчилиги каралышы керек. Бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев ушундай пикирин билдирди.  Иманалиев Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алганын, мындай байланыш ар кыл күмөн ойлорго түртөрүн айтып, депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча парламент... Читать дальше...

Azattyk.org 

Крымдагы орус көпүрөсү, Киевдин ызасы

АКШ менен Евробиримдик Орусия өзү аннексиялаган Крым жарым аралында 18 чакырымдык көпүрө ачканын айыптады. Еврошаркет Киевдин уруксатын албастан жол жана көпүрө салууну Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн дагы бир жолу бузуу катары баалады.

Azattyk.org 

Түндүк Корея кайрадан таарынды

Түндүк Корея Түштүк Корея менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүн токтотуп койду. Ал мындан тышкары АКШ менен cаммиттен да баш тартып коюшу мүмкүн экенин эскертти.

Azattyk.org 

Бажы кызматынын бирдиктүү маалымат системасына чабуул коюлду

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасына белгисиз бирөөлөр мыйзамсыз кирип, транзиттик жана экспорттук документтерди чек арадан "өттү" деп жаап салганы аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Акылбек Жумабеков кабарлады. Анын айтымында, Европа Биримдигинен Кыргызстан аркылуу Тажикстанга кирүүчү товарлардын документтери бирдиктүү базадан белгисиз бирөөлөр тарабынан "экспорттолду"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Воропаев: Аттиштин баасы шарттуу түрдө эле көрсөтүлгөн (видео)

"Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) сатылып алынды" деген аттиштердин баасы документтерде шарттуу түрдө эле жазылган. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” ишкананын азыркы директору Андрей Воропаев билдирди: - Контракт боюнча Кытай тарап шаймандардын баасын көрсөтпөй коюуга укуктуу болчу. Бирок биздин мыйзамдар боюнча аларды бухгалтерияга каттоого алыш үчүн баасын көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан биз улам сурап жатып, Кытай тараптан анын баасын көрсөтүүнү өтүндүк. Акыры алар макул болуп, аттиштердин тушуна баасын жазган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Акыл Тирек" жана "Ак Жүрөк" өз ээлерин тапты

Белгилүү ишкер, коомдук ишмер Аскар Салымбековдун фонду өзүнүн "Акыл тирек" жана "Ак жүрөк" интеллектуалдык конкурстарынын 2017-жыл үчүн жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдүн аттарын атады. Натыйжада жиш илимпоздорду сүрөөнү максат кылган "Акыл тирек" конкурсунда алты, кайрымдуулук иштеринде өзгөчөлөнгөндөрдү аныктоону максат кылган "Ак жүрөк" конкурсунда 8 адам жеңүүчү деп табылды.

Azattyk.org 

Алты балалуу Венера үй азабын тартты

Сокулуктун Лесное айылындагы алты балалуу үй-бүлө соттун чечими менен жашап жаткан үйүнөн 11-май күнү чыгарылган. Төрт баласы балдар үйүндө, бири ооруканада, дагы бирин жетелеген кош бойлуу Венера көрүнгөндөн жардам сурап жүргөн кези.

Azattyk.org 

Кызартта кичи автобус ала салып, жети киши жабыркады

Нарын облусунун Жумгал районунда 15-майда болжол менен саат 23:30 чамасында "Мерседес" үлгүсүндөгү кичи автобус ала салып кетип, бир нече жолу тоголонуп барып дарыяга кулаган. Бул тууралуу "Азаттыктын" Нарындагы кабарчысына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Улан Аалиев кабарлады. Кырсык болгон учурда кичи автобустун ичинде 17 киши олтурган. Алардын жетөө жабыркаган.  Кичи автобус Өрнөк-Чаек-Бишкек маршруту менен саат 19:00дө Өрнөк айылынан чыккан. (MiK)

Azattyk.org 

Эл аралык уюмдар “Телеграмга” коюлган бөгөттү айыптады  

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктары жана Интернет эркиндиги чөйрөсүндө алектенген 50 эл аралык жана орусиялык уюм “Телеграмга” бөгөт койгон чечимди айыптады жана Орусияны ой-пикир билдирүү эркиндигине жана Интернеттеги жеке жашоонун кол тийбестигине кысым көрсөтпөөгө чакырды. Алар БУУну, Европа Биримдигин, АКШны жана башка өлкөлөрдү орус бийлигинин чечимине каршы турууга үндөдү. Кайрылууга кол койгон уюмдардын арасында AI, “Трансперенси Интернешнл”, “Хьюман Райтс”, “Чек арасыз кабарчылар”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орто-Сай базарындагы бомба тууралуу маалымат калп болуп чыкты

Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр шектүү буюмдар же жардыруучу зат табылган эмес. Учурда базардагы соода кайра толугу менен жанданды. Атайын кызматтын маалымат бөлүмү "Азаттыкка" кабарлагандай, бүгүн түшкү саат 12:30 чамасында белгисиз бирөө "102" нөөмөт кызматына телефон чалып, бомба бар экенин айтып, качып кеткен. Айтылган жерге УКМКнын жана ИИМдин атайын тобу барып, базарды курчоого алып, текшере баштаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Малайзияда Анвар Ибрагим боштондукка чыкты

Малайзиянын мурдагы вице-премьер-министри Анвар Ибрагим падышанын ырайымы менен шаршембиде эркиндикке чыкты. Соңку күндөрү ал саламаттыгына байланыштуу ооруканада жаткан. Ал боштондукка чыгары менен жаңы шайланган премьер-министр Махатхир Мохамад менен жолукканы кабарланды. 9-майдагы шайлоонун алдында Махатхир өзүнүн саясий каршылашы болуп эсептелген Анвар Ибрагим менен элдешкен. Анвардын жубайы Ван Азиза Ван Исмаил шайлоодо Махатхир менен бирге чыккан жана ал уткандан кийин вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: футбол маалында миграциялык каттоого үч күн берилет

12-майда Орусиянын президентинин "Дүйнөлүк футбол чемпионатынын убагында коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө" буйругуна өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык чемпионат убагында чет өлкөлүктөр миграциялык каттоого үч күн ичинде турушу керек. Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да ырастады. Мурда Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтүүчү 11 шаарда 25-майдан 25-июлга чейин чет өлкөлүктөрдөн бир күн ичинде келген же жашаган жерине миграциялык каттоого туруу талап кылынган. Орусияда футбол чемпионаты 14-июндан 15-июлга чейин Москва... Читать дальше...


В Год семьи соццентр Орехово-Зуева рассказал о парах, проживших более полувека

На российский рынок вышел новый автомобильный бренд VGV с двумя вместительными кроссоверами

Девушка обратилась в полицию, чтобы избежать возвращения в Чечню

Кандидат в депутаты Шаламов Руслан награжден медалью



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Бесплатные речные прогулки для пенсионеров запустили в Химках

В Губернском колледже Серпухова состоялась «Ярмарка трудоустройства-2024»

Следователи нашли тело пропавшего охотника Сергея Пинтелина

"Бьются об европейский берег, да никак к нему причалить не могут". Как Молдавия не потянула Биешу

Музыкальные новости

Футболисты «Локомотива» – в расширенном составе сборной России на июньский сбор

Эвелина Блёданс с сыном подарила сказку детям из «Вертикали»

Институт экономики города и СберИндекс впервые исследовали доступность жилья в более чем 700 городах России

Стартовал финальный этап всероссийского футбольного турнира «Будущее зависит от тебя»

Новости России

Стало известно, за сколько "Спартак" выкупил Станковича у "Ференцвароша"

Девушка обратилась в полицию, чтобы избежать возвращения в Чечню

Успехи Самарской области в развитии здравоохранения отметили на федеральном уровне

Следователи нашли тело пропавшего охотника Сергея Пинтелина

Экология в России и мире

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Участники Всероссийской олимпиады школьников по математике выбрали Marins Park Hotel Нижний Новгород

Страдания юного Аюша Булчун

Студенты городских образовательных учреждений проходят практику в Marins Park Hotel Новосибирск

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме

Первая ракетка Казахстана вышла в финал турнира WTA в Италии

Moscow.media

Под зеленым куполом

АвтоВАЗ запустит производство доступного семиместного автомобиля "Лада"

Китайский кроссовер чуть не сжёг своего владельца

Более 1 млн проездов по трассе М-12 Восток совершили автомобилисты в майские праздники







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *