Орусиялык экс-тыңчы Скрипаль ооруканадан чыкты
“Скрипалдын саламаттыгы калыбына келип, Солсебри райондук ооруканасынан чыгып жатканы абдан жакшы жаңылык”, - деди бул оорукананын аткаруучу директору Кара Чарльз-Баркс.
Скрипалдардын ууландырылышын расмий Лондон Москвадан көрөт. Британ бийлиги "алар адамдын нервин шал кылчу “Новичок” деген уулуу зат менен ууландырылган" деген бүтүмгө келген. Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке каккан.
Скрипалды 2004-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "британиялык чалгын агенттиги менен кызматташты" деп айыптап, камакка алган. Тергөөдө Скрипаль 1995-жылдан бери Британиянын чалгын кызматына мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтарды берип турганы аныкталган.
2006-жылы Москванын аскердик соту тыңчыны аскердик наамдарынан ажыратып, 13 жылга түрмөгө кескен. Төрт жылдан кийин Скрипаль АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Солсбери шаарында ал 2011-жылдан бери жашап жүргөн.