Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2018

Новости за 18.05.2018

Пресс.kg 

“Клара Кабилова “Ата Мекен” партиясын шайлоодо өткөзбөй койгон”

Эдил Байсалов, саясатчы: – Эдил мырза, кечээ “Ата Мекен” фракциясынан Клара Кабилова депутат болуп мандат алды. Бакиевдин маалында Кабилова борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп турганда, сизди “шайлоо бюллетенин интернетке салып, элге жарыялады” деп айыпташты эле. Сиз анда КСДПнын мүчөсү элеңиз. Кыскасы Клара Кабилованын депутат болушуна кандай карайсыз? – Биринчиден, Кабилова Клара-Гүлнара айым 2007-жылкы шайлоону толугу […]

Azattyk.org 

"Чоң муштум" кыздар

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Ош шаарындагы окуучу кыздардын мушташы чоң талкууну жаратты. Мындай окуялар аймактын булуң-бурчунда көп болот. Өспүрүмдөрдүн мындай зөөкүрлүккө барышына эмне себеп? "Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды.

Azattyk.org 

Техастагы мектепте атышуу болду

АКШнын Техас штатындагы мектепте атышуу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашууда. CNN Санта-Фе шаарындагы окуяда көптөгөн киши өлгөнүн билдирди. Дагы бир маалыматтар боюнча ок ачкан кишини полиция кармап кетти. Президент Дональд Трамп атышуу болгонун, "алгачкы кабарлар анча жакшы эместигин" "Твиттерге" жазды. Февралда эле Флорида штатындагы мектепте куралчан адам 17 окуучу менен мугалимди атып кеткен. Ошондон кийин курал-жаракты көзөмөлдөө маселеси кайрадан катуу талаш-тартышка түшкөн.

Azattyk.org 

Техаста мектептеги атышууда сегиз киши мерт болду

АКШнын Техас штатынын Санте-Фе шаарындагы мектепке бирөө кирип барып, ок чыгарган окуяда кеминде сегиз киши каза тапканы кабарланды. Кол салууну ошол эле мектептин окуучусу, 17 жаштагы өспүрүм жасады деп шектелип жатат. Жергиликтүү полиция башчысы "10го чукул кишинин өмүрү кыйылган болушу мүмкүн" деп билдирди. Дагы бир маалыматтар боюнча ок чыгарган кишини полиция кармап кетти. Президент Дональд Трамп курман болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, бул сыяктуу "кайгылуу окуялар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик Иранга инвестиция салган компанияларын коргойт

Евробиримдик Иранга инвестиция салган европалык компаниялардын кызыкчылыктарын коргойт жана Тегерандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен планды аткарат. Бул тууралуу жума күнү Еврокомиссиянын сайтына чыккан биргелешкен билдирүүдө айтылат. Документ биримдиктин лидерлеринин Софиядагы саммитинин натыйжасында кабыл алынды. Атайын регламентке ылайык, европалык компанияларга АКШнын санкцияларын биримдиктин сыртында аткарбай коюуга уруксат берилет. Ошондой эле америкалык санкцияларды биримдик аймагында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия парламентине президенттин мөөнөтүн узартуу сунушу түштү

Орусия парламентине президенттин ыйгарым мөөнөтү боюнча сунуш киргизилди. Мамлекеттик думанын маалымат базасында пайда болгон мыйзам долбоору жума күнү каттоодон өтүп, төрагага жөнөтүлгөн. Документти Чеченстан парламенти сунуш кылган. Анда "ушул тапта бир эле кишинин катары менен үч мөөнөткө чейин мамлекет башында туруу туура кадам болоору, бул – социалдык-саясий стабилдүүлүктү сактап калууга өбөлгө түзөөрү" айтылат. Буга чейин Чеченстан президенти Рамзан Кадыров президент Владимир Путиндин ыйгарым мөөнөтүн узартууну сунуш кылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Меркел жана Путин Сочиде жаңы газ куурун талкуулашты

Бүгүн Сочиде Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жетекчилер Украинадагы жаңжал, АКШнын Иран менен өзөктүк келишимден чегинишинен кийинки Европанын кадамдары, Орусия менен Германияны туташтырган газ куурун өткөрүү өңдүү маселелерди талкуулашты. Путин Орусиянын жаратылыш газы кошуна Украинага "Түндүк агым-2" долбоору ишке ашкандан кийин да агып турушу мүмкүн деди. Ал долбоор боюнча орусиялык газды Германияга жеткирген куур Украинаны кыйгап жаткырылмакчы. Читать дальше...

Azattyk.org 

Караколдо "Түнкү музей" акциясы өтүүдө

Музейлердин эл аралык күнүнө карата Каракол шаарындагы Пржевальск-Кусеин Карасаев мемориалдык музей-комплексинде "Түнкү музей" акциясы башталды. Иш-чара кыргыздын улуттук оюн-зоок, каада-салтынын коштоосунда өтүп жатат. Ага Касым Тыныстанов атындагы университеттин окутуучу жамааты, студенттери жана Пристань-Пржевальск айылынын жетекчилери, тургундары катышууда. Акциянын максаты - музейлерди элге таанытуу. (AsM)

Azattyk.org 

Украинада крым татарларынын депортациясын эскеришүүдө

Украинада Крым татарларынын депортациясынын 74 жылдыгы белгиленүүдө. Ал эми Орусия 2014-жылы аннексиялаган жарым аралдын өзүндө депортациянын курмандыктарын эскерүүгө аракеттенген ондогон крым татары эртең менен кармалып кайра коё берилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" Симферополдогу кабарчысы билдирди. Кийинчерээк активисттер баары бир иш-чараны өткөрүп, полиция аларга көз салып турушту. Киевде сүргүнгө айдалып курман болгондорду бир мүнөт үн чыкпай эскеришти. “Крым татар элинин кайгысы жалпыбыздын кайгысы. Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент кол тийбестикке каршы чыкты

Жогорку Кеңеш "Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көпчүлүк добуш менен колдоду. Кол тийбестиктен ажыратуунун мыйзамдык жол-жобосу кандай?

Azattyk.org 

Казак оппозициясы өз элинин көзүн ачабы?

Евробиримдик АКШнын Иран санкцияларынын таасирин жумшартуу жараянын баштайт. Казакстанда көз каранды эмес саясат таануучулар жана активисттерден турган “Жаңы Казакстан” форуму мүдө-максаттарын коомчулукка жарыялады.

Azattyk.org 

Борбор Азия жаштары коопсуздукту талкуулашат

Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин “Жаштык, тынчтык жана коопсуздук” резолюциясын талкуулоо боюнча Борбор Азия форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн пресс-конференцияда Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди. Пархановдун айтымында, жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жаштар саясаты боюнча министрликтеринен өкүлдөр келип катышат. Ошондой эле Улуттар Уюмунун адистери да чакырылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

19-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

19-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЕБ АКШнын Иран санкциясынан коргонот

Евробиримдик АКШнын Иранга каршы санкцияларынын өзүнө карата таасирин жумшартуу жараянын баштайт. Бул тууралуу биримдиктин лидерлеринин соңку саммитинен кийин айтылды. Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыккан АКШ ага каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирмекчи болгондуктан күн тартибине ушундай маселе коюлууда. Буга байланыштуу айрым европалык ири компаниялар Ирандан кетүүнү көздөп жатышканын да жарыялай башташкан.

Azattyk.org 

Венесуэла президенттик шайлоого даярданууда

Венесуэлада ушул жекшембиде президенттик шайлоо өтөт. Түштүк Америкадагы бул өлкө соңку жылдары терең саясий жана экономикалык кризиске кептелген. 2013-жылы бийликке келген Николас Мадуро мамлекет башында дагы алты жылга калууну ниеттенип жатат. Оппозиция болсо шайлоону бойкоттоого чакырган. Мадуронун башкы атаандашы - бир кездеги өзүнүн партиялашы Энри Фалькон. Ал 2010-жылы оппозицияга өтүп, бойкот эч нерсе өзгөртпөсүн билдирип, шайлоого катышаарын айткан. Кошмо Штаттар, Латын Американын бир... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанга жөнөтүлгөн китептер чек арада кармалып турат

Кыргызстандан Тажикстандагы кыргыздар билим алган мектептерге жардам катары жөнөтүлгөн бир тоннадан ашык китеп Тажикстандын чек арасынан өткөрүлбөй калды. Бул тууралуу жардам берүүнү уюштурган топтун мүчөсү Жолдошбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, китептердин чек арадан өткөрүлбөй калышына эки өлкөнүн ортосунда өкмөттүк деңгээлде макулдашуу жок экени себеп болгон. Учурда бир тоннадан ашык китеп эки өлкөнүн ортосундагы чек арада турат. Буга чейин Кыргызстанда жарандардын демилгеси менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек ара машыгуулары өттү

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары биргелешкен машыгууларды өткөрүштү. Эки күндүк иш-чара Айдаркен (Кыргызстан) жана Кокон, Кувасай багыттары боюнча жүрдү. Аскерлер чек ара тилкесинде ар кандай чыр-чатактарды алдын алуу, абал курчуп кетсе биргелешип иштөө, ыктымал конфликттик кырдаалдарды курал колдонбостон чечүү жолдорун иштеп чыгышты. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. (RK)

Azattyk.org 

Кайыпов менен тил дүйнөсүнө саякат

Фольклорчу, этнограф Сулайман Кайыпов окурман журтуна дагы бир жаңы китебин тартуулады. Ал китепте окумуштууyey жыйырма жылдык эмгеги - “Түркияда жашаган памир кыргыздарынын макал-лакаптары” топтолгон.

Azattyk.org 

Нарын Айып: Атамбаевдин бизди сотко берүүгө себеби жок болчу

Журналист Нарын Айып Алмазбек Атамбаевдин ага карата доо арыз жазышына себеби жок болчу деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди: - Мындай доо арыздар деги эле болбошу керек болчу. Анткени биз өз макала, интервью, репортаж жана жаңылыктарыбызда эч кандай мыйзамды бузган эмеспиз. Эч кимдин намысына тийген эмеспиз, бирөөнүн кадыр-баркын түшүргөн эмеспиз. Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан бүгүн баш тартты. Кыргызстан социал-демократилык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиялык экс-тыңчы Скрипаль ооруканадан чыкты

Британияда ууландырылган мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипаль 18-майда ооруканадан чыкты. Британ бийлиги Скрипаль жана кызы Юлия ушу тапта кайда экенин айткан жок. 4-мартта 66 жаштагы экс-тыңчы кызы менен Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Экөө тең бир топ күн комада жатышты. Юлия апрелде өзүнө келип, ооруканадан чыккан. “Скрипалдын саламаттыгы калыбына келип, Солсебри райондук ооруканасынан чыгып жатканы абдан жакшы жаңылык”, - деди бул оорукананын аткаруучу директору Кара Чарльз-Баркс. Читать дальше...

Azattyk.org 

Атамбаев журналисттерге карата материалдык доосунан баш тартты

Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн КСДП билдирүү таратты. Анда Атамбаев "Медиа Полиси Институту" уюмунун кайрылуусуна жооп берип “Расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта кийинки жылда болгон позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартышыма мүмкүнчүлүк берүүдө” деп жазганы айтылат. Медиаэксперттер Бегаим Усенова... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда беш согушкер өлтүрүлдү

Пакистандын коопсуздук күчтөрү Кветта шаарында теракттын алдын алышканын, беш жанкечтини жок кылышканын билдиришти. Алар чек ара күчтөрүнүн кошуунуна кол салууну пландашкан. Кабарга караганда, жоочулар дүрмөттөлгөн машина менен аскердик жайга кирүүгө аракеттенгенде аскерлер ок ачышкан. Атышууда төрт жоокер жарадар болду. Андан бир нече саат мурун Новшера шаарында жанкечти куралдуу кошуундун кербенине кол салып, 10 киши жараат алган. Кечээ Пакистан армиясы 100дөн ашуун пакистандык шииттерди өлтүрүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Греция менен Македония өлкө аталышы боюнча мунасага келе элек

Греция жана Македония өлкө аталышы боюнча көп жылдан бери уланган талаш боюнча позициясын так айта алышпайт. Грек премьер-министри Алексис Ципрас "македон өкмөт башчысы менен жолугушуудан кийин талашты жөнгө салууда көп иш жасалды, бирок мунасага келүү үчүн дагы убакыт керек" деп билдирди. Афины Скопьенин Евробиримдик жана НАТОго кошулуусуна бөгөт коюп келет. Эмне дегенде Грециянын бир чөлкөмүнүн аталышы да Македония болгондуктан, кошуна өлкө аймактык доомат артышы мүмкүн деген жүйөнү айтууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Польша БУУну Украинанын чыгышына бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууга чакырды

Польшанын президенти БУУнун Коопсуздук кеңешин чыгыш Украинага бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууга үндөдү. Анджей Дуда 17-майда Нью-Йоркто өткөргөн пресс-конференцияда билдиргендей, ал күчтөр Украина менен Орусиянын эл аралык коомчулук тааныган мыйзамдуу чек арасында жайгашуусу керек. Польша ушу тапта Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылып жатат.  Украина бейпилдик контингенти Орусиянын жикчилдерге аскердик жактан жардам берүүсүн көзөмөлдөп, алдын алса аларды жайгаштырууга макул болорун айтып келет. Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *