Караколдо "Түнкү музей" акциясы өтүүдө
Иш-чара кыргыздын улуттук оюн-зоок, каада-салтынын коштоосунда өтүп жатат.
Ага Касым Тыныстанов атындагы университеттин окутуучу жамааты, студенттери жана Пристань-Пржевальск айылынын жетекчилери, тургундары катышууда.
Акциянын максаты - музейлерди элге таанытуу. (AsM)