Украинада крым татарларынын депортациясын эскеришүүдө
Кийинчерээк активисттер баары бир иш-чараны өткөрүп, полиция аларга көз салып турушту. Киевде сүргүнгө айдалып курман болгондорду бир мүнөт үн чыкпай эскеришти. “Крым татар элинин кайгысы жалпыбыздын кайгысы. Туулган жерине кайтып келе албай калган он миңдеген крым татарынын кайгысы, - деп жазды "Фейсбукка" украин президенти Петро Порошенко.
1944-жылдын 18-майында жарым аралдан Борбор Азияга крым татарларынын алгачкы эшелону жөнөтүлгөн. Үч күндүн ичинде 180 миңден көп киши Крымдан күчтөп көчүрүлгөн. 30 миңден ашууну ачкадан жана сууктан жолдон же депортациядан кийинки алгачкы жылы өлгөн.