“Норманд төрттүгү” украин кризисин талкуулайт
Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкиндин айтымында, жолугушууда Донбасстагы чатак тилкесинде тынчтык сактоо күчтөрүн жайгаштыруу маселеси жана Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу процесси талкууланат.
Орусия ТИМинин өкүлү Григорий Карасин жолугушуунун датасы так аныктала электигин айтып, ал июнь айында болбой калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Хайко Маас жума күнү Донбасстын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп турган аймактарына барды.
Жалпысынан 2014-жылдын апрель айында тутанган тирешүүдө баш-аягы 10 миңдей киши кырылды.