Темир Сариев сурактан чыкты (видео)
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирип, ЖЭБ боюнча күбө катары көрсөтмө бергенин ырастады.
Темир Сариев Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо учурунда экономика министри болуп иштеген.
Бишкек ЖЭБин оңдоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Темир Сариев алгачкы жолу 13-июнда УКМКга күбө катары чакырылып, сурак берип чыккан.
Бишкек ЖЭБинде быйыл кышында авария болуп, шаардын эли бир жума бою жылуулуксуз калган. Андан соң бул ишкананы оңдоп-түзөөдө мыйзам бузулган учурлар аныкталып, бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон. Ага байланыштуу мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Улуттук Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев баш болгон кызматкерлер кармалган. (ErN)