Эки команда Санкт-Петербург шаарында кез келди.
Александр Солженицындын "ГУЛАГ топ аралы" (“Архипелаг ГУЛАГ”) көркөм изилдөө тажрыйбасында 1918-жылдан 1956-жылга чейинки репрессия, большевиктик бийликтин тынымсыз улантылып келген жазалоо механизми көрсөтүлгөн.
"Н" тобунда Сенегал менен Япония алдыга чыкты.
19-июнда армян парламенти мурда бийликте турган Республика партиясынан шайланган эл өкүлү, генерал-лейтенант Манвел Григорянды депутаттык мандатынан ажыратты. Ага каршы кылмыш иши ачылып, камакка алынды. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы генералдын дачасында жүргүзүлгөн тинтүүнүн видеосунун үзүндүсүн жарыялады. Үйдөн курал-жарактын түрү: миналар, гранаталар, тарсылдак шашкилер, автоматтар, ар кайсы калибрдеги миңдеген ок табылган. Ошондой эле «Роллс Ройс», «Тойота», «Мерседес», «Хаммер» машинелери... Читать дальше...
Орусиялык оппозициялык активист Алексей Навальный пенсия курагын көтөрүүгө каршы митингге чыгууга элди чакырды. «Путин менен Медведевдин пенсия курагын көтөрүү идеясы – бул чыныгы кылмыш экенин моюнга алалы» - деп жазды Навальный Инстаграмдагы баракчасына. «Бул реформаларды шылтоолоп он миллиондогон адамдарды жөн эле карактоо. Биз болгон күчүбүз менен буга каршы турабыз жана силерди дагы чакырабыз», - деди активист. 14-июнда премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөт пенсияга чыгуу жашын жогорулатууну сунуш кылганын билдирди. Читать дальше...
Орусияда он жылдап жашаган мигрант жарандыкка жетпей убара. Чет өлкөдө окуган түркмөнстандык студенттер өлкө банктары берген карталардан акча ала албай окуудан чыгууга мажбур болушууда. Казак парламенти президент Нурсултан Назарбаевдин 120 аскерин Ливанга жиберүү сунушун колдоду. Өзбекстандын президенти жүздөгөн адамга мунапыс берди. Тажикстандын прокурорлору ишке велосипед менен гана келүүгө милдеттүү болсо, Түркмөнстанда велосипедге эстелик коюлмай болду.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирип, ЖЭБ боюнча күбө катары көрсөтмө бергенин ырастады. Темир Сариев Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо учурунда экономика министри болуп иштеген. Бишкек ЖЭБин оңдоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Темир Сариев алгачкы жолу 13-июнда УКМКга күбө катары чакырылып, сурак берип чыккан. Бишкек ЖЭБинде быйыл кышында авария болуп... Читать дальше...
Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21.00дө Сенегал менен Польшанын курама командалары беттешет.
Украин бийлигинин социалдык программаларды токтотконуна каршы чыккан жүздөгөн демонстранттар Жогорку Раданын жанындагы курчоону бузуп, парламент имаратына кирүүгө аракеттеништи. "Азаттыктын” украин кызматынын кабарчысы активисттер менен тартип коргоочулар кагылышканын маалымдады. Тополоңдо коопсуздук күчтөрү гана эмес демонстранттар дагы көздөн жаш агызуучу газды колдонгону белгилүү болду. Андан кийин кошумча тартылган полиция менен армиянын аскерлери митингчилерди парламент имаратынан сүрүп чыгышты. Читать дальше...
Украинада “Коррупция паркы” ачылды. Ал жерге жемкорлордун асем буюмдары, минген машинелеринин үлгүлөрү көрсөтмөгө коюлду. АКШ үстөмдүгүн арттыруу үчүн космостук аскер күчтөрүн түзө турган болду. Тажикстандын борборунда коомдук транспорттор атайын төлөм карталарына өткөрүлүүдө. Түркмөнстанда нан паспорт менен сатылууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) орусиялык укук коргоо органдары менен кошо Орусияда төрт теракттын алдын алды. Мындай маалымат Евразия Экономикалык Биримдигинин курамындагы мамлекеттердин 19-июнда Бишкекте өткөн антитеррордук форумунда айтылды.
Орусия аннексиялап алган Крымда «26-февраль иши» боюнча беш активистке жаза чегерилип, сот аларды шарттуу кести. Али Асанов менен Мустафа Дегерменжи төрт жарым жылга, Арсен Юнусов менен Эскендер Кантемиров төрт жылга, Эскендер Эмирвалиев үч жарым жылга шарттуу кесилгенин «Азаттыктын» орус кызматы кабарлады. Орусиянын тергөө органынын маалыматына ылайык, 2014-жылдан 26-февралында Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактап чыккан миңдеген адамдар менен «Орус биримдиги» партиясынын активисттери кагылышкан. Читать дальше...
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрадан суракка чакырылды. Темир Сариев алгачкы жолу Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган.
Жакында "Азаттыктан" бир кабар чыкты. Анда Антарктика менен Арктикада муз тездик менен эрип жатканы кабарланган.
Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда казакстандык активист, блогер Муратбек Тунгышбаевдин иши каралды. Анда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын активистти Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу токтому каралды. Соттук отурумда айыптоочу тараптын макулдугуна карабастан видео тартууга уруксат берилген жок. Соттук отурумда Муратбек Тунгышбаевдин жактоочуларынын бири Нурбек Токтакунов айыпталуучунун Кыргызстандан башпаанек алуу укугу чектелип жатканын билдирип, жалпы ишти УКМК жана Башкы прокуратура эмес, соттор карашы керек экенин айтты. Читать дальше...
Иштамберди кенинин тегерегиндеги соңку жагдайларга байланыштуу Чаткал жана Ала-Бука райондорунун акимдери Эмилбек Абдыкадыров менен Канжарбек Эшалиевге сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай чечим координациялык кеңешменин жыйынтыгы менен кабыл алынды. Мындан сырткары кендин иштешине каршы митингге чыккан жергиликтүү тургундардын ишканага кирип барышына байланыштуу эки райондун ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин... Читать дальше...
Кошмо Штаттарда космостук күчтөр түзүлө турган болду. Армияда ушундай жаңы бөлүктү уюштурууга көрсөтмө бергенин президент Дональд Трамп 18-июнда Ак үйдөгү атайын жыйында жарыялады. Трамп ошондой эле АКШнын космостогу үстөмдүгүн сактоого да убада берди.
Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев камалды. Ага "Коррупция" беренеси менен айып коюлду. Буга чейин бир нече жооптуу кызматтарды ээлеп жүргөн тажрыйбалуу саясатчынын камакка алынышы өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү боюнча талкууларды кызытты.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кармалышына байланыштуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди: - Бул жерде түзмө-түз депутаттык комиссия жалпы жыйында берген сунуштарынын натыйжасында чара көрүлүп жатат деп эсептейм. Кээ бирөөлөр "саясий куугунтук" деп айтып жатышат, мен ага кошулбайм. Ал саясатчы эмес, партиянын жетекчиси эмес. Ошондуктан мындай пикирлерге кошулбайм. Кармалган он кишинин баары жоопко тартылат дегенден да алысмын. Читать дальше...
2017-жылы дүйнөдө качкындардын саны бир жылда 4,6 пайызга көбөйүп, 68,5 миллионду түздү. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча жаңы баяндамасында айтылат.
Орусия Кантагы авиабазасын кеңейтүүгө жана анын күчүн арттырууга кызыгат. База Кыргызстандын түштүк аймагын да камтышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Заварзин Бишкекте кыргыз-орус аскердик кызматташтык маселелерин талкуулаган жыйында билдирди. - Канттагы база ошол жерде база болушу үчүн эле эмес, аймактагы коопсуздук үчүн турат. База уникалдуу жерде жайгашкан. Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында иш алып барып, стратегиялык милдетти өтөп жатат.
Абройлуу чет элдик басылмалар Кыргызстанды дүйнөдөгү элүү жакыр өлкөнүн катарына киргизди. 2017-жылга салыштырганда өлкө алты позицияга артка кеткен.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги былтыр согуштун, зордук-зомбулуктун жана куугунтуктун айынан дүйнөдө 69 миллионго жакын киши жер которууга мажбур болгонун жарыялады. Бул соңку беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Эл аралык уюмдун жылдык баяндамасында качкындар менен өлкө ичинде жер которгондордун саны 2017-жылы 4,6% көбөйгөнү белгиленет. Анда качкындардын 70% Сириядан, Ооганстандан, Түштүк Судандан, Мьянмадан жана Сомалиден агылып чыкканы айтылат. Улуттар Уюмунун качкындар боюнча... Читать дальше...
Бишкектин Октябрь райондук сотунда казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга эстрадициялоо иши каралып жатат. Ага кыргызстандык жарандык активисттер, укук коргоочулар да катышууда. “Азаттыктын” кабарчысы соттук жараянды видеого тартууга тыюу салынганын билдирди. Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Астана... Читать дальше...