Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Арменияда эт уурдаган генерал депутат кармалды

19-июнда армян парламенти мурда бийликте турган Республика партиясынан шайланган эл өкүлү, генерал-лейтенант Манвел Григорянды депутаттык мандатынан ажыратты. Ага каршы кылмыш иши ачылып, камакка алынды.


Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы генералдын дачасында жүргүзүлгөн тинтүүнүн видеосунун үзүндүсүн жарыялады. Үйдөн курал-жарактын түрү: миналар, гранаталар, тарсылдак шашкилер, автоматтар, ар кайсы калибрдеги миңдеген ок табылган.


Ошондой эле «Роллс Ройс», «Тойота», «Мерседес», «Хаммер» машинелери, жол тандабастар, карда жүргөн автоунаалар, «Тез жардам» машинеси жана аскерий маанидеги техника чыккан. Атайын кызмат он миллиондогон драм жана жүз миңдеген доллар табылганын билдирди.


2000-2008-жылдары Армениянын коргоо министринин орун басарынын кызматын аркалаган генералдын үйүнөн 2016-жылы Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжалга катышкан жоокерлерге багытталган азык-түлүк салынган жүздөгөн ящиктер, дары-дармек, аскерий форма, байпак, бут кийим жана ич кийим чыкты.  


Атургай калайдагы сүт, эт салынган ящиктерде мектеп окуучуларынын каттары кошо калган. Бул генерал жоокерлерге делген гуманитардык жардамды өз үйүнө түшүрүп алган деген шек жаратты.


Генерал Григоряндын иши – Никол Пашиняндын өкмөтүнүн Армениядагы коррупция менен  көмүскө экономикага каршы күрөшүнүн башталышы гана деп айтылып жатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *