ЕККУ: Түркиядагы шайлоодо талапкерлерге "бирдей шарт" түзүлгөн жок
Түркиядагы шайлоого көз салган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар тобунун жетекчиси Игнасио Санчес Амор шайлоо өнөктүгүндө оппозициялык партияларга бирдей шарт түзүлбөй, Эрдоган менен анын башкаруучу партиясы бардык тараптан, анын ичинде маалымат каражаттарында артыкчылыкка ээ болгонун белгиледи.
"Медиа, анын ичинде мамлекеттик телеканалдар талапкерлер жөнүндө тең салмактуу маалымат тараткан жок", - деди эл аралык миссиянын жетекчиси дүйшөмбүдө Анкарада өткөн маалымат жыйында.
Эл аралык миссия добуш берүүгө катышкандардын жогорку көрсөткүчүн - Түркиянын жарандарынын “демократияны жактаганын” белгиси деп баалады.
Байкоочулар талапкерлер менен алардын тарапкерлерине жасалган “коркутуу менен кысымдын” айынан “эркин жана адилет шартта өнөктүк жүргүзүү суроо туудурганын" белгилешти.
Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сади Гүвен шайлоочулар “акылдуу тандоо” жасаганын айтып, Режеп Тайып Эрдоганды жана анын альянсын президенттик жана парламенттик шайлоонун жеңүүчүлөрү деп жарыялады.
Эрдоганга шайлоочулардын 52,5% добуш берсе, анын негизги атаандашы, Республикалык-элдик партиянын төрагасы Мухаррем Инже 31% жакын добушка ээ болду.
Бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы парламентте көпчүлүккө ээ боло алган жок. Бирок алардын өнөктөшү Улутчул элдик партия күтүлгөндөн көп добуш топтоп, Эрдогандын партиясы 600 орундуу парламентти көзөмөлдөйт деп күтүлүүдө.
Ал эми Инженин партиясына 23%, күртчүл Элдик-демократиялык партияга 11% добуш тийди. Парламентке кирүү босогосу мыйзамда 10% деп белгиленген.