Трамп-Путин саммити өтөбү?
Орусияга АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон келгени жатат. Анын иш сапары президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин болжолдуу саммитине даярдык катары каралууда. АКШ менен Орусиянын президенттери буга чейин көп тараптуу жыйындардын алкагында эки ирет жолугушса да атайын эки тараптуу саммит өткөрүшө элек.