Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматтан кетти

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматын тапшырды. Ал бул тууралуу бүгүн тараткан кайрылуусунда жарыялады. Анда Оторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын белгилеген.


“Акыйкатчы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен иш билгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын-ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды”, - деп айтылат Оторбаев тараткан кайрылууда.


Ошондой эле Оторбаев акыйкатчы катары иштеген 2,5 жыл ичинде адам укуктарын коргоо жаатында аткарылган иштерди тизмектеген.


“Датын айткандарга жөлөк, аялуу катмарга өбөк болдук, далайларга юридикалык кеп-кеӊеш бердик, практикалык жардам көрсөттүк. Сот, прокуратура, күч органдарынан акыйкаттык таппагандар бизге миӊдеп кайрылып турушту, аларга кол сунуп, укуктарын коргодук” деген Оторбаев өзү менен бирге иштегендерге, өлкө жетекчилигине ыраазылыгын билдирген.


Мыйзам боюнча акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы "канааттандырарлык эмес" деп табылса, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет. Буга чейин парламентте Оторбаевдин 2017-жылга отчеттун жактырбоо жөнүндө сунуш айтылган эле.


Жогорку Кеңеш Оторбаевди акыйкатчы кылып 2015-жылдын 30-декабрында шайлаган. (TSh/BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *