Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2018

Новости за 26.06.2018

Azattyk.org 

Муратбек Тунгышбаевди Тергөө абагынан алып кетишти

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Бишкек шаарындагы №1 Тергөө абагынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери алып кетишти. Бул кабарды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова ырастады. Бирок ал Тунгышбаевди атайын кызматтын өкүлдөрү кайда алып кеткенин айта алган жок. Казак активистти Тергөө абагынан алып чыгып кеткенин анын адвокаты Нурбек Токтакунов да "Фейсбук" баракчасына жазды. "Тунгышбаевди буюмдары менен кошо Тергөө абагынан алып кетишти" деди адвокат. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ: Жогорку сот Трамптын мигранттарды чектеген буйругун колдоду

Кошмо Штаттардын Жогорку соту президенти Дональд Трамптын иммиграция боюнча буйругун колдоду. Бир жыл мурун кол коюлган буйрукка ылайык, бир катар өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилген. Мындай чектөө Ирандын, Йемендин, Ливиянын, Сириянын жана Сомалинин жарандарына тиешелүү. АКШда убактылуу жашоо укугу же "жашыл картасы" бар адамдарга жана буга чейин виза алгандарга жаңы чектөө колдонулбайт. Жогорку соттун башкы судьясы Жон Робертс администрация улуттук коопсуздукту камсыз кылууну негиз кылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөн президентинин дагы бир өнөрү

Түркияда кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган жеңди. Зоопарк, раритет автомашиналар – Арменияда коргоо министринин мурдагы орун басары жемкорлукка шектелүүдө. 15 өлкө Кытайга эшек сатууга чектөө киргизди. Ал эми Европада бир уйду жалпылап киришип жатып аман алып калышты. Тажикстандагы “Гулистон” тигүү фабрикасы кайра иштей баштады. Түркмөн президенти эми автоинженер, ал өзү жолтандабас жасаганы кабарланды.

Azattyk.org 

Тендер чуусу: "Гознакты" ким сүрөгөн?

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматында өткөн тендердеги мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "тендерден уткан компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөн" деп шек саналууда. Экс-премьер-министрдин жактоочуларынын айтымында, Исаковго бул боюнча айыбы угузула элек.

Azattyk.org 

Мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжан китеп жазды

Стамбулдагы Yitik Shifa басмаканасы өзбек журналисти, мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжандын "Коркуунун тиги тарабында" («По ту сторону страха») аттуу китеби жарык көрдү. Китеп өзбек тилинде 10 миң нускада чыкты. Автор жакында бул китеп орус тилинде да чыгарын билдирди. Эмгек Бекжандын 18 жыл өзбек түрмөсүндө өткөргөн өмүрүн чагылдырат. Бекжан – оппозициялык «Эрк» гезитинин мурдагы редактору жана экс-президент Каримовдун башкы оппоненти Мухаммад Салихтин иниси. 1999-жылы мартта Киевде мыйзамсыз кармалып, Ташкентке жеткирилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Базар-Коргондо 9 киши күйдүргү боюнча текшерилүүдө

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 9 киши Сибирь жарасы же күйдүргүнүн айрым белгилери менен ооруканага жатты. Бул маалыматты “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Маматжан Миянов ырастады. - 9 киши күйдүргүгө байланыштуу шек менен 25-июнда ооруканага жаткан. Абалы оор эмес. Керек дарыларды алып жатышат. Лабораториянын жыйынтыгы чыга элек. Анын айтымында, ооруканага жаткандардын алтоо эркек, үчөө аял. (КЕ)

Azattyk.org 

Милиция зомбулукка каршы

26-июнда Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын жүргүзүп жаткан иштери талкууланды. Анда ИИМ академиясынын курсанттары үй -бүлөдөгү зомбулук жана андагы милициянын ролун театралдаштырып көрсөтүштү.

Azattyk.org 

Чеченстандын Жогорку соту Титиевдин арызын четке какты

Чеченстандын Жогорку соту Оюб Титиевдин адвокаттарынын укук коргоочуну кармаган полиция кызматерлерине кылмыш ишин козгоо жөнүндө арызын четке какты. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо борборунун Telegram-каналына жарыяланды. Сот Титиевдин адвокаттарынын полиция кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козготпоого бийликте турган адамдар кызыкдар болгон деген жүйөсүн четке какты. Мындан мурдарак Чеченстандын Жогорку соту Орусиянын президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин өтүнүчү менен даярдалган... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМдин жооптуу кызматкерлери жемкорлукка байланыштуу кармалды

26-июнь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен бирге ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы М.Н. жана тергөөчүсү  Ж.А. беш миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызмат буга чейинки Башкы прокуратуранын козгогон кылмыш иштеринин негизинде ыкчам аракет көргөн. Милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: алты айда төрт өспүрүм өз жанын кыйды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешмесинин жыйынында ушундай маалымат айтылды. Кеңешмеде азыр катталып жаткан өспүрүмдөр арасындагы суицидге бөгөт коюу аракеттери талкууланды. Маалыматка ылайык, быйыл алты ай ичинде төрт окуучу өз жанын кыйган. Мындай кырдаалды жыйындын катышуучулары көпчүлүк ата-энелер миграциядан улам балдарынын жанында болбой жатканы менен түшүндүрүштү. Ошондой эле аймакта психологдордун жетишсиздиги тууралуу кеп болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда өрттөнгөн келиндин өлүмү боюнча күйөөсү кармалды

Ленинград облусунда өрттөн каза болгон кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча анын 34 жаштагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлашты. Андан алынган маалыматка ылайык, кылмышка шектүү алдын-ала көрсөтмөлөр боюнча кармалды. 27-июнда анын бөгөт чарасы аныкталат. Каза болгон келиндин сөөгү 27-июнда Кыргызстанга жөнөтүлөт. Буга Санкт-Петербургдагы ардактуу консулдук, кыргыз диаспорасы жана келиндин жердеши акчалай жардам көрсөткөн. Ал эми каза болгон келиндин жанында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тунгышбаевди тушаган сот чечими

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Ошентип Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициялоого жол ачылды. Ал эми бүгүн укук коргоочулар жана активисттер Тунгышбаевдин маселесин талкуулашты.

Azattyk.org 

Экс-президенттин бир тууганы суракка алынды

Кошмо Штаттар менен Кытай аскерий чөйрөдө сүйлөшүү өткөргөнү жатат. Арменияда коррупцияга каршы күрөш күчөдү. Кечээ экс-президент Серж Саргсяндын бир тууганын полиция суракка алды. Криштиану Роналду үчүн бир жарым жылда 100 кг га арыктаган Марина Богомолова.

Azattyk.org 

Пашинян мурдагы бийликти "муунта" баштады

Арменияда май айында бийлик алмашкандан бери бир катар коррупциялык иштер ачылып, мамлекетке 35 миллион доллар кайтарылды. Бул жумада болсо, мурдагы президенттин бир тууган инисин полиция кармап, суракка алган.

Azattyk.org 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматтан кетти

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматын тапшырды. Ал бул тууралуу бүгүн тараткан кайрылуусунда жарыялады. Анда Оторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын белгилеген. “Акыйкатчы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен иш билгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын-ала жакшылап ойлонулган чечим... Читать дальше...

Azattyk.org 

Койлубаева: Кыйноого каршы күрөш байкалбайт

Өкмөттүк эмес уюмдардын 2017-жылы чыгарган изилдөөсү боюнча, Кыргызстанда милиция кармаган учурда жана убактылуу кармоо жайларында ар бир үчүнчү адам кыйноого дуушар болот.

Azattyk.org 

Арипов: шайлоо мыйзамдары талдана элек

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Бишкекте өткөн талкууда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов буга чейинки мыйзамдар талданбай туруп, жаңы өзгөртүүлөр сунушталып жатканын сынга алды. Анын айтымында, 2015-жылкы парламенттик жана 2017-жылкы президенттик шайлоо өткөрүүдө мыйзамдарда кандай мүчүлүштүктөр анализден өткөн эмес.

Azattyk.org 

ФИФА швейцариялык футболчуларды айыпка жыкты

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Швейцариянын курама командасынын эки оюнчусуна Сербиянын командасы менен беттешүүдө көрсөткөн саясий мааниси бар жаңсоолору үчүн айыппул салды. Футболчуларга кийинки оюндарга катышууга уруксат берилди.   Гранит Жака менен Жердан Шакириге эскертүү берилип, 10 миң швейцар франкы (10 миң доллардан ашуун) өлчөмүндө айып салынды. Ушундай эле жазага Швейцариянын курама командасынын капитаны Штефан Лихтштайнер кириптер болду. Жака менен Шакири – Косоводон чыккан албандар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

27-июнда тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31; Баткен облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32; Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26; Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26 градус болот. 27-июнда Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ менен Кытай аскердик сүйлөшүү жүргүзөт

Кошмо Штаттар менен Кытай аскердик чөйрөдө сүйлөшүү өткөргөнү жатат. АКШнын 26-июнда Бээжинге барган коргоо министри Жим Мэттис жолугушууларда стратегиялык деп эсептелген маселелерге көңүл бурары күтүлүүдө. Ал ушул айдын башында Кытайды Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдарды аскерлештирип жатканы үчүн кескин сындаган, ал эми Бээжинге сапарын утурлай Кошмо Штаттар Арктикада өз турумун бекемдөөгө умтулушу керек экенин айтып чыкты.




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *