Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ФИФА швейцариялык футболчуларды айыпка жыкты

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Швейцариянын курама командасынын эки оюнчусуна Сербиянын командасы менен беттешүүдө көрсөткөн саясий мааниси бар жаңсоолору үчүн айыппул салды. Футболчуларга кийинки оюндарга катышууга уруксат берилди.  


Гранит Жака менен Жердан Шакириге эскертүү берилип, 10 миң швейцар франкы (10 миң доллардан ашуун) өлчөмүндө айып салынды. Ушундай эле жазага Швейцариянын курама командасынын капитаны Штефан Лихтштайнер кириптер болду.


Жака менен Шакири – Косоводон чыккан албандар. Атаандаштын дарбазасына топ кирген сайын эки спортчу колдорун кайчылаштырып, Албаниянын туусундагы эки баштуу бүркүттү жаңсап көрсөтүшкөн. Серб  командасынын күйөрмандары футболчулардын мындай кыймыл-аракетинен кийин ышкырышкан. Бул беттешүүдө швейцариялыктар 2:1 эсебинде сербдерди жеңишкен.  


Оюндан кийин Жака өз жакындарын колдоо максатында гана колун кайчылаштырганын айтты. Футболисттин ата-энеси - косоволук албандар. Анын атасы саясий көз карашынан улам абакта үч жыл отургандан кийин Швейцариядан баш калка алып көчүп кеткен. Шакири болсо өз аракетинен эч кандай саясат көрбөгөнүн айтты.


Футбол федерациясынын тартип комитети сербиянын күйөрмандарынын «саясий жана адамдын ар-намысын тепсеген» жүрум-турумуна байланыштуу дагы бир иш карала баштаганын билдирди.


Швейцариянын курама командасынын машыктыруучусу, Босниядан чыккан Владимир Петкович «футбол менен саясатты аралаштырбоого» чакырды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *