Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Муратбек Тунгышбаевди Тергөө абагынан алып кетишти

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Бишкек шаарындагы №1 Тергөө абагынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери алып кетишти. Бул кабарды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова ырастады. Бирок ал Тунгышбаевди атайын кызматтын өкүлдөрү кайда алып кеткенин айта алган жок.


Казак активистти Тергөө абагынан алып чыгып кеткенин анын адвокаты Нурбек Токтакунов да "Фейсбук" баракчасына жазды. "Тунгышбаевди буюмдары менен кошо Тергөө абагынан алып кетишти" деди адвокат. 




25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Натыйжада Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициялоого жол ачылган. 26-июнда укук коргоочулар жана активисттер атайын жыйын өткөрүп, Тунгышбаев боюнча Октябрь райондук сотунун чечими мыйзамсыз чыгарылды деп сындашкан. 


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы казакстандык блогерди экстрадициялоого иши бир айга созулушу мүмкүн экенин маалымдаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 26-июнда “Азаттыкка” мындай деген:


- Экстрадициялоонун шарттары көп, 1-2 күндө эле жиберилбейт. Азыр бизде эле. Эки тарап кат алышып, макулдашкандан кийин ишке ашат. Өткөрүп берүү боюнча так күн айтылбайт.


Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Муктар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп санайт.


Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген. 


Тунгышбаев Кыргызстанга алгач 2012-жылы кирип, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы качкындар боюнча агенттигине качкын макамын алуу боюнча кайрылган. Бирок ал кийин Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу арызы каралбай калган. Кийин ал 2014-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Качкын макамын алуу боюнча арызын ал бул жолу Мамлекеттик миграция кызматына 2018-жылдын 15-майында берген.







 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *