Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Бишкекте өткөн талкууда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов буга чейинки мыйзамдар талданбай туруп, жаңы өзгөртүүлөр сунушталып жатканын сынга алды. Анын айтымында, 2015-жылкы парламенттик жана 2017-жылкы президенттик шайлоо өткөрүүдө мыйзамдарда кандай мүчүлүштүктөр анализден өткөн эмес.