"Башкарма кыз бактысын Алайкуудан тапты"
Кыргыз китепкөйлөрүнө Зуура Сооронбаева чиелешкен сюжетке негизделген кызыктуу романдары, повесттери аркылуу жакшы тааныш. Айрыкча анын “Жетимдер”, “Астра гүлү”, “Чоочун кишиси” бир нече ирет басылып, ушу кезде чейин окумдуу чыгармалардын катарынан түшпөй келатат. Жазуучунун аңгемелери менен поэзиясы андай тагдырга туш келген жок. Окуяны кызыктуу, сюжеттик чечилиштерди татаалдаштырып, фабулага ык коюу жагынан Зуура Сооронбаевага атаандаш чыкчу авторлор аз эле.