Cенатор Рэнд Пол орусиялык депутаттарды АКШга чакырды
Москвага барган сенатор республикачы Рэнд Пол эки өлкө ортосунда диалог болушун колдойт жана Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөлөрү менен жолукканда аларды АКШга чакырды. «Мен өз ара алакалардын зарылдыгына ишенгендердин биримин» - деген сенатор Пол эки өлкөнүн маданий, мыйзам чыгаруу органдарынын байланыштарын арттырып, сүйлөшүү каналдарын көбөйтүүнү туура көрөт. «Дүйнө - татаал. АКШ Сирияда жана башка аймактарда Орусия менен жанаша жүрөт. Менин Орусияга келген максатымдын бири диалогду калыбына келтирүү» - деди Пол. Читать дальше...