Минскте “Немис толкунунун” кабарчысынын үйү тинтилди
Беларустун Тергөө комитетинин кызматкерлери “Немис толкуну” агенттигинин кабарчысы Павлюк Быковскийдин Минск шаарындагы батиринде тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу журналист "Фейсбук" баракчасына жазды. Тергөөчүлөр кабарчыга "ага эмес, ал жашаган дарек боюнча" текшерүүгө келишкенин, алардын колунда прокурордун чечими бар экенин түшүндүрүшкөн. Журналист "Азаттык” радиосунун орус кызматына тинтүү "БелТА" агенттигине байланышкан иштин алкагында жүргүзүлгөнүн айтты.
7-августта полиция Беларустагы эки эркин медианын кеңсесине тинтүү жүргүзгөндөн кийин беш аял журналист кармалды.
Полициянын маалыматына караганда, "Tut.by" жана "БелаПАН" агенттиктеринин журналисттери мамлекеттик "БелТА" кабарлар агенттигинин маалыматын мыйзамсыз жол менен алган.
Эки агенттиктин кабарчылары "Эркин Европа/Азаттык” радиосуна шаршембиде билдиргендей, "Tut.by" агенттигинин башкы редактору Марина Золотова, Анна Калтыгина, Галина Уласик жана Анна Ярмачонок, ошондой эле "БелаПАНдын" кабарчысы Татьяна Коровенкова камакка алынды.
"Tut.by" агенттигинин негиздөөчүсү Юрий Зиссер иштин "саясат өңүтү" бар экенин айтты.