Ооганстанда курман болгон үч чехиялык жоокердин сөөгү мекенине жеткирилди
Ооганстандагы жанкечтинин жардыруусунан набыт кеткен үч чехиялык жоокердин - Мартин Марчин, Камил Бенеш жана Патрик Степанектин сөөгү 8-августта Прагага жеткирилди.
Ооганстандагы жанкечтинин жардыруусунан набыт кеткен үч чехиялык жоокердин - Мартин Марчин, Камил Бенеш жана Патрик Степанектин сөөгү 8-августта Прагага жеткирилди.
Үч айга чукул Орусиянын түрмөсүндө ачкачылык кармап отурган, украин режиссеру Олег Сенцовдун абалы кескин начарлап кеткенин анын адвокаты менен бөлөсү билдирди. Режиссердун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан 8-августта "Фейсбуктагы" баракчасына Сенцов түрмөдөн адвокаты аркылуу кат берип жибергенин, анда “абалым өтө начар” деп жазганын чыгарды. “Ал жакындап калганын жазды – бирок ал мөөнөтү бүтүп калганын эмес, көрөөр күнү, ичээр суусу бүтүп баратканын айтып жатат" деди. Адвокат Дмитрий Динзе түрмөгө барып... Читать дальше...
Бул жолу “Эже-сиңдилер” телебаарлашуусунда кыргыз үй-бүлөсүндөгү кыз-бала менен эркек баланын орду тууралуу сөз кылдык. Эмне үчүн уул төрөбөгөн аялдарды жектейбиз? Эмнеге кыздар катар-катар төрөлсө ата-эне наристенин атын Бурул, Кайрыл, Уулкелсин, Жаңыл деп атаганга шашабыз? Бул жолку студия коноктору журналист Курманбек Рыспев жана жаш акын Рысгүл Изатова.
Pussy Riot панк-тобунун мүчөсү Мария Алехина Москванын "Домодедово" аэропортунан Британияга уча албай калды. “Паспорттук көзөмөлдө отурган кыз менин паспортумду алып, компьютерден текшерип, анан телефондон шыбырап бирөөгө чалды. Андан кийин ФСБнын кызматкеримин деп жаш бала келди” – деди Алёхина жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине. Алёхина Лондонго учуп, андан ары Эдинбурга кетмек. Ал жерде Pussy Riot тобунун мүчөлөрү фестивалга катышмак. Бир күн мурун Алёхина Дмитрий Энтео жана башка... Читать дальше...
"Pussy Riot" панк-тобунун мүчөсү Мария Алехина Москванын "Домодедово" аэропортунан Британияга уча албай калды. “Паспорттук көзөмөлдө отурган кыз менин паспортумду алып, компьютерден текшерип, анан телефондон шыбырап бирөөгө чалды. Андан кийин "ФСБнын кызматкеримин" деп жаш бала келди” – деди Алёхина жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине. Алёхина Лондонго учуп, андан ары Эдинбурга кетмек. Ал жерде "Pussy Riot" тобунун мүчөлөрү фестивалга катышмак. Бир күн мурун Алёхина Дмитрий Энтео жана... Читать дальше...
"Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылды. Анда аскер жетекчилери быйыл жазында чакырылган балдарды башка бирөлөргө жалдап бергени, кара жумушка салганы, ур-токмокко алганы, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганы айтылат. Учурда жоокерлердин бирөө Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланып жатат. Жабырлануучулар тиешелүү органдарга мындан туура эки ай мурун эле кайрылганы менен майнап чыкпай жатат дешет. Читать дальше...
Рактан айыккан балдар эл аралык мелдешке катышып эки алтын, үч күмүш жана эки коло медаль утуп алышты.
Минскте "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен бир нече журналист суракка чакырылып камалды.
Интернеттеги коомдук тармактар замандаштарга өз оюн билдирүүнүн болуп көрбөгөндөй эркиндигин тартуулады. Бул эркиндиктин чеги барбы?
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Мекендештер" форуму өтүп жатат. “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келген “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Эки жылда бир жолу өтүүчү форум быйыл төртүнчү ирет уюштурулду. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Бул иш-чара уюштурулгандан бери президент биринчи жолу катышуусу.
Казакстанда “жаңы мыйзамга ылайык каттоодон өтпөй калды” деген негизде 90го жакын чет элдик телеканалдын лицензиясы алынарын коңшу өлкөнүн бийлиги билдирди. 8-августта Маалымат жана коммуникация министрлигинин сайтына жарыяланган билдирүүдө НТВ+ 3D, "Russia Today", "Радость Моя", "Nautical Channel", MUSICBOX, RU.TV, Fashion TV, "Dozhd", "TNT-Comedy" баштаган 88 телеканалдын лицензиясы жокко чыгарыла тургандыгы белгиленет. Министрликтин билдирүүсүндө Казакстанда "Телерадио берүүлөр" жөнүндө... Читать дальше...
Белгилүү дастанчы Роза Аманованын медициналык менчик университетке ректор болушу билимдин сапатына байланышкан талкууну күчөттү. Адистер "акыркы жылдары медициналык окуу жайлары пайдалуу бизнес катары көбөйүп жатат" деп тынчсызданышууда. Буга чейин чет өлкөлүк айрым студенттерден окуу акысы үчүн алынган кабелтең акчанын арты камоого, соттук териштирүүгө жеткени белгилүү.
Айтматовдун чыгармаларынан реалдуу жашоону көрүп жана түшүнүүгө болот. Негизинен эле Айтматовдун эмгектери жашоонун өзүнөн алынып жазылган.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев мекеме-ишканалардын жетекчилерин жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүүгө чакырды. Мындай сунушун ал 8-августта жетекчилер менен өткөргөн коллегиялык жыйында айтты. Таалайбек Сарыбашев аткаминерлерди жаңы окуу жылына карата аларды кийим-кече, окуу куралдары менен камсыз кылыш үчүн кайрымдуулук кылууну сунуш кылды. Ош шаарында 2070 майып, 130 жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары катталган. Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматы боюнча алардын басымдуу бөлүгү мектепке барышпайт. Читать дальше...
Вашингтондун Тегеранга кайра салган санкциялары күчүнө киргенден көп өтпөй германиялык автоунаа чыгаруучу "Daimler" компаниясы Ирандагы ишин токтотконун билдирди. Бир күн мурда президент Дональд Трамп Иран менен иш жүргүзгөндөр мындан ары Америка менен кызматташа албай турганын эскерткен. Евробиримдик тескерисинче европалык компанияларды Иран менен кызматташууга үндөгөн болчу.
"Вечерний Бишкек" басылмасы боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралат. Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, басылманын мурунку ээси Александр Ким соттун буга чейинки чечимин кайра кароо тууралуу арызданган. Бишкек шаардык соту 8-августта аны канааттандырды. Александр Кимге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон. Читать дальше...
Минскте "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен бир нече журналист суракка чакырылып камалды. Кыймылсыз мүлк сатып, ижарага берип иштеген “Realt.by” интернет-сайтынын кызматкерлери башкы редактор Владислав Кулецкий, журналисттер Игорь Хмара, Мария Сорока жана Алена Масловская Тергөө комитетине суракка чакырылып, камалганын айтышты. Шаршембиде полиция алардын компьютерлерин конфискациялаган. Төрт журналист “БелТАга” байланыштуу иштин алкагында суралып жатканы айтылган. Читать дальше...
Экономика министрлиги Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын иликтейт. Министрлик кабарлагандай, изилдөө жүргүзүү укугу тендерде утуп чыккан эл аралык "Pricewaterhause Coopers LLP" компаниясына тийди. Эксперттер көмүскө экономиканын негизги себептерин иликтеп, аны азайтуунун жолдорун сунуш кылышат. Анын жыйынтыгы менен Экономика министрлиги 2019-2020-жылдарга карата иш мерчемин түзүп чыгат. Министрлик көмүскө экономиканын көлөмү дагы эле чоң экенин белгилейт. Читать дальше...
Ысык-Көлдө чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму башталды.
Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдө эреже бузуп дүкөн жана кичи кафе курган 20дан ашуун адамга эскертүү берилди. 7-8-август күндөрү Ош аймактык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын адистери текшерүү жүргүзгөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Бабараимов көчөсүндө, Навои, Масалиев көчөлөрүндө күркөлөр, тамактануучу жайлар мыйзамсыз курулуп, кызыл сызыктан чыгып кеткени айтылат. Эреже боюнча дүкөндөр менен жолдун же тротуардын ортосундагы аралык эки метр болушу керек. ... Читать дальше...
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Мекендештер" форуму өтүп жатат.
Ирактын премьер-министри Хайдар-Ал-Абади АКШнын Иранга киргизген санкцияларына макул эмес экенин билдирип, бирок Багдад өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн аларды аткараарын айтты. “Жалпысынан биз аймактагы санкцияларга каршыбыз. Блокадалар менен санкциялар режимдерди алсыратпай эле коомду талкалайт” – деди ал Багдаддагы басма сөз жыйынында. “Биз санкцияны стратегиялык ката жана туура эмес деп санайбыз, бирок аларды өз элибиздин кызыкчылыгы үчүн сактайбыз” – деди Ирактын премьери. Кошмо Штаттардын... Читать дальше...
Москванын Крым көпүрөсүнө шаршембиде эртең менен Орусиянын түрмөсүндө отурган украин режиссеру Олег Сенцовдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинди. 8-августта Сенцовдун абакта ачкачылык кармап отурганына 87 күн болду. Анын адвокаты Дмитрий Динзе түрмөгө барып, режиссердун абалын көрүп келгенден кийин Сенцов 30 килограммга арыктаганын, тамырынын соккону солгундап, бир мүнөттө 40 жолу кагып калганын билдирди. Ага карабастан, режиссер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жатуудан баш тартты. Орусиянын... Читать дальше...
Беларустун Тергөө комитетинин кызматкерлери “Немис толкуну” агенттигинин кабарчысы Павлюк Быковскийдин Минск шаарындагы батиринде тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу журналист "Фейсбук" баракчасына жазды. Тергөөчүлөр кабарчыга "ага эмес, ал жашаган дарек боюнча" текшерүүгө келишкенин, алардын колунда прокурордун чечими бар экенин түшүндүрүшкөн. Журналист "Азаттык” радиосунун орус кызматына тинтүү "БелТА" агенттигине байланышкан иштин алкагында жүргүзүлгөнүн айтты. 7-августта полиция Беларустагы эки... Читать дальше...
Эгемендик жылдары Кыргызстанда башкаруунун өзүнчө мектеби калыптанган жок. Себеби соңку чейрек кылымда облус, район, шаар башчылары түгүл, өкмөт менен министрликтердин жетекчилерин тез-тез алмаштыруу кадимки көрүнүшкө айланган. Совет мезгилиндеги жетекчилердин иш стили кандай эле?