Беларуста журналисттерди кармоо уланып жатат
9-августта дагы эки журналист "мамлекеттик “БелТА” агенттигинен маалыматты мыйзамсыз жол менен алган" деген шек менен кармалды.
Беларустун Тергөө комитетинин бейшембидеги билдирүүсүндө көз каранды эмес “БелаПАН” агенттигинин башкы редактору Ирина Левшина “компьютердеги маалыматты уруксатсыз алган” деген кине менен кармалганы айтылат.
8-августта Тергөө комитети "БелТАга” байланыштуу иштин алкагында “Немис толкуну” эл аралык агенттигинин кабарчысы Павлюк Быковский менен дагы бир журналист, Беларустагы кыймылсыз мүлк саткан интернет-сайттын редактору Алексей Жуков кармалганын жарыялаган.
“Немис толкуну” агенттиги шаршембиде Беларустун Берлиндеги элчиси Денис Сидаренкого нааразылык катын тапшырып, Быковскийди токтоосуз камактан чыгарууну талап кылды. Эл аралык агенттик "өлкө аймагында иштөөгө расмий уруксат алган журналисттерди мыйзам коргошу керек" деген маселени койду.
Журналисттердин камалышы президент Александр Лукашенконун жана анын бийлигинин маалымат каражаттарына көрсөткөн “кысымы” катары бааланып жатат.
7-августтан бери Минскте "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен ондон ашуун журналист камалды.