ӨКМди өрттө өксүткөн техника
Бүгүн, 9-август таңга Бишкектеги Ош базарынын жанында жайгашкан мурдагы эт комбинатынын имаратында өрт чыгып, беш миң чарчы метрди каптады. Өрт өчүрүүчүлөр аны кечке жуук гана өчүрүп бүттү. Ал эми Таластын Манас районунун аймагында корукту каптаган тилсиз жоо 11 күн дегенде араң басылды. Өрткө туруштук берүүгө кыргыз өкмөтүнүн өрт өчүрүү кызматы даярбы жана анын мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү?