Москвада “Ачык Орусия” кыймылынын кеңсесинде тинтүү жүрдү
Михаил Ходорковский түптөгөн “Ачык Орусия” кыймылынын Москвадагы кеңсесинде полиция тинтүү жүргүзгөнүн укук коргоо долбоорунун координатору Полина Немировская билдирди. Ал кеңсеге канча киши келгенин так айта албай, “топ адам" тинтүү жүргүзгөнүн айтты. Алар эмне издегени белгисиз.
Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко “Интерфакс” агенттигине тинтүү “ЮКОСтун чоң ишине байланыштуу” болгонун гана айтуу менен чектелди.
Буга чейин “Ачык Орусиянын” кеңсесинде “ЮКОС ишине” байланыштуу бир нече жолу тинтүү жүргөн.
2017-жылы Орусиянын Башкы прокуратурасы “Ачык Орусия” кыймылын “кара тизмеге” алып, интернет-сайтына бөгөт коюлган. Бир нече активистке “бузуку уюмдун” ишине аралашканы үчүн айыппул салынган.
Дүйшөмбүдө Ходорковский түзгөн “Иликтөөлөр борборунун” башкы редактору Андрей Коняхин тергөө комитетине суракка чакырылды.
Ал Борбордук Африка Республикасында өлтүрүлгөн үч журналисттин иши боюнча суралганы маалым болду.