Жалал-Абадда мистенин түшүмү көп
Жалал-Абадда быйыл мистенин түшүмү жакшы болуп, баасы да жылдагыдан жогору болуп жатат. Облустагы токой чарбалары быйыл жалпысынан 7 тоннадан ашык мисте жыйноонун камын көрүүдө. Ал арада токойлордон өз алдынча мисте терүү өнөктүгү да күч алды.