Майк Помпео Сергей Лавров менен Сенцовдун маселесин талкуулады
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөшүүдө орус түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан украиналык режиссер Олег Сенцовдун абалын талкуулады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Сүйлөшүү АКШ тараптын демилгеси менен болгон. Лавров сүйлөшүүдө америкалык кызматташына АКШда кармалган Мария Бутинаны бошотуу маселесин койгон. АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина быйыл июлдун ортосунда кармалган. Читать дальше...