Донбасстагы уруштарда беш украин жоокери курман болду
БУУнун билдирүүсүндө, Украинанын чыгышында чатак башталган 2014-жылдан бери 10 250 киши өлүп, 24 600 адам жарадар болгон.
Европа Биримдиги, АКШ жана башка мамлекеттер Орусиянын Крымды аннексиялап алганына жана 10 миң адам өлгөн Украинанын чыгышындагы согуштагы ролуна байланыштуу санкцияларды киргизген. Кремл өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке кагып келет.