Азиада: 43 жаштагы өзбекстандык спортчу күмүш алды
![Азиада: 43 жаштагы өзбекстандык спортчу күмүш алды](https://gdb.rferl.org/281584C6-63FF-4F78-A2BF-98F512AA6550_w800_h450.jpg)
Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында өзбекстандык 43 жаштагы Оксана Чусовитина спорттук гимнастиканын кол тиреп секирүү түрү (vault) боюнча күмүш медал алды. Алтынды Түштүк Кореянын 16 жаштагы спортчусу Се Жинг Е илип кетти.
Өзбекстанда туулган Оксана Чусовитина 1992-жылдагы Барселона Олимпиадасынын чемпиону, 1991-жылы дүйнө чемпиону болгон. 2002-2006-жылдары Германиянын атынан мелдештерге катышса, 2007-жылы Өзбекстанга кайра кайтып келген.
18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда.
Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда төрт күмүш жана беш коло медаль бар. Бул көрсөткүчтөр өлкөнү жалпы командалык рейтингде 19-орунга жайгаштырды.