Окумуштуу Үмүт Култаевага Кытайдын өкмөттүк сыйлыгы тапшырылды
Кыргызстандын белгилүү окумуштуусу Үмүт Култаева “Кытай адабиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн” деген сыйлыкка татыды. Кытай өкмөтүнүн бул эл аралык сыйлыгын тапшыруу салтанаты Бээжин шаарында өттү.
Филология илимдеринин доктору, профессор Култаева мындай премияга татыган алгачкы кыргыз илимпозу болуп калды.
Кытай өкмөтү бул сыйлыкты 2005-жылы негиздеген. Аны менен кытай адабиятын жайылтууга жана эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошо алган белгилүү котормочулар, жазуучулар жана окумуштуулар сыйланат.
Бүгүнкүгө чейин сыйлык 15 өлкөнүн 40ка жакын өкүлүнө тапшырылды.
Үмүт Култаева 2009-2017-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтун жетектеген. Алгачкы жылдары институтта 66 адам окуса, учурда алардын саны 7500гө жетти. Кытайча үйрөнүп, Кытайдын окуу жайларынан билим алганы кеткен кыргыз жаштарынын саны да өсүүдө.
Окумуштуу кытай жазуучулары Лу Син жана Ба Цзиндин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Анын жеке демилгеси менен 2014-жылы кыргыз-кытай факультетинде кытай адабияты сабагы киргизилген.