Кытай менен АКШнын соода тиреши күчөдү
![Кытай менен АКШнын соода тиреши күчөдү](https://gdb.rferl.org/580C5186-2BCA-4AA9-A4D7-CADA6A6BC14B_cx34_cy0_cw55_w800_h450.jpg)
АКШ менен Кытайдын соода тиреши күчөдү. Ушул бейшембиден тартып эки тарап тең бири-биринин дагы 16 миллиард доллардык товарларына кошумча бажы салыгын киргизишти. Жалпысынан дүйнөнүн эң ири эки экономикасы быйыл июль айынын башынан тартып кошумча тариф койгон өндүрүмдүн акчалай наркы 100 миллиард долларга жетип калды. "Соода согушу эми глобалдык экономикалык өсүшкө терс таасир этеби?" деп кооптонгондор да бар.