Майк Помпео Сергей Лавров менен Сенцовдун маселесин талкуулады
Лавров сүйлөшүүдө америкалык кызматташына АКШда кармалган Мария Бутинаны бошотуу маселесин койгон. АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина быйыл июлдун ортосунда кармалган. Ага "саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген", каттоодон өтпөгөн "чет элдик агент", "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган. Орус тышкы иштер министри Майк Помпеого ал "ойлоп чыгарылган куугунтуктоодон" улам кармалган деген оюн билдирген.
Олег Сенцов 14-майдан бери Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө 102 күндөн бери ачкачылык кармап отурат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан.