Донецктеги жикчилдер жаңы лидерин тандашты
Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик республикасынын” “элдик кеңешинин” төрагасы Денис Пушилин эми Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн бул аймактын башчысынын милдетин аткаруучу болуп тандалды.
Бул тууралуу орус медиасы кабарлады. Донецк аймагындагы жикчилдердин мурдагы лидери Александр Захарченко быйыл 31-августта кафеде отурган кезде болгон жарылуудан каза тапкан.
Анын өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти расмий Москва менен Киев бири-бирине жүктөгөн.
Маркум Захарченконун ордуна келип жаткан Денис Пушилин да, маалыматтарга караганда, 2014-жылдын июнь айында анын өмүрүнө кол салуу боюнча эки аракеттен аман калган.
Донецктеги жикчилдердин “элдик кеңеши” 7-сентябрдагы чечими менен “Донецк Элдик республикасы” деп атаган аймактын жаңы лидерин шайлоону 11-ноябрга белгилешти.
Алардын бул кадамы Украина чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин жоболоруна каршы келет. Анда жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы шайлоолор маселеси үч тараптуу байланыш тобунда: Украина, ЕККУ жана жикчилдер ортосунда макулдашуусу керектиги жазылган.
Украина чыгышында 2014-жылдын жаз айынан берки куралдуу жаңжалдан азыркыга чейин 10 миң 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)