Ниязов тай казанга улак кучактап ыргыганда… Көк бөрү финалынан кызыктуу видео
Кыргызстандын көк бөрү боюнча командасы Өзбекстандын улакчыларын жеңип Көчмөндөр оюндарынын үч жолку чемпиону аталды. Баш байге ээлерине 3 миллион сом ыйгарылды.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча командасы Өзбекстандын улакчыларын жеңип Көчмөндөр оюндарынын үч жолку чемпиону аталды. Баш байге ээлерине 3 миллион сом ыйгарылды.
Бул сүрөттөр Кыргызстан менен Өзбекстандын көк бөрүчүлөрү баш байге үчүн кандай беттеш өткөргөнүн баяндап берет. Анда керемет кадрлар сизди тамшантат да, суктантат.
Эки спортчу кыздардын таймашы 2018-жылдын, 9-сентябрында болмок
Үй-бүлөдөгү зомбулук, өзгөчө, наристелерди уруп-кордоо коом үчүн көндүм көрүнүшкө айланууда. Бул маселелер БУУнун Өнүгүү программасынын Евробиримдиктеги өкүлчүлүгү 6-сентябрда Брюсселде (Белгия) өткөргөн тегерек столдо талкууланды. Кыргыз парламентинин мүчөсү Аида Касымалиева өз баяндамасында аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына, өзгөчө, эмгек мигранттарынын балдарынын кейиштүү абалына токтолду. "Адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгү боюнча Борбор Азия чөлкөмүндөгү... Читать дальше...
"Азаттык плюстун" командасы бул чыгарылышта Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы айрым кызыктуу учурларды көрсөтүп берет. Океандын ары жагынан келген америкалык көкбөрүчүлөр, Кырчын жайлоосунда уюштурулган этнобазар, ордолор жана ошондой эле уюштуруу ишине салымы чоң ыктыярчылар - мунун баарын ушул чыгарылышта көрө аласыз.
Айрым туристтер уюштуруу иштеринде башаламандык орун алганына таң калганын жашырышкан эмес.
Иран, Түркия, Орусия президенттери: Хасан Роухани, Режеп Тайып Эрдоган, Владимир Путин 7-сентябрда Тегерандагы жолугушуусунан кийин кабыл алган биргелешкен билдирүүдө үч өлкө Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун издөөөнү макулдашканы айтылган. Бирок мунун чоо-жайы белгисиз. Түркия президенти саммиттеги сөзүндө Иран менен Орусияга Идлибге чабуулдун арты кыргынга айланышы мүмкүндүгүн кайрадан эскерткен. - Идлибге кандай гана чабуул болбосун бул кыйроого, кыргынга жана чоң гуманитардык трагедияга алып келет. Читать дальше...
Тажикстандын түштүгүндө имамдар Лениндин эстелигин калыбына келтиришти. "Динди зыяндуу" деп апийимге салыштырган коммунисттердин жол башчысынын эстелиги, тажикстандык дин кызматкерлеринин демилгеси менен оңдолуп, борбордук аянтка кайтарылды.
Заводдон зыяндуу заттар чыгып кеткендиктен Крымдын бийлиги кислота жамгыры жаашы ыктымалдыгын айтып, эшикке чыкпай турууну эскертүүдө. Бразилия президенттигине талапкер Жаир Болсанаруну шайлоочулары менен жолугушуп жатканда бычактап кетишти. Азыр ал ооруканада. АКШда Дүйнөлүк ат оюндары башталганы турат. Ага 70 өлкө катышат.
Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельянинов кыргыз өкмөтүнүн адистик жөндөмүн сынга алды.
Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик республикасынын” “элдик кеңешинин” төрагасы Денис Пушилин эми Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн бул аймактын башчысынын милдетин аткаруучу болуп тандалды. Бул тууралуу орус медиасы кабарлады. Донецк аймагындагы жикчилдердин мурдагы лидери Александр Захарченко быйыл 31-августта кафеде отурган кезде болгон жарылуудан каза тапкан. Анын өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти расмий Москва менен Киев бири-бирине жүктөгөн. Маркум Захарченконун ордуна келип жаткан Денис Пушилин да... Читать дальше...
Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду. Финалда кыргыз көкбөрүчүлөрү Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңип алды. Кыргызстан бул мелдеште жалпысынан үч оюн өткөрдү. Тайпалык мелдеште А тобунда ойноп, Монголия курама командасын 29:5 эсебинде жеңди. 2-турда Алтай командасынын оюнчулары Кыргызстан менен боло турган оюнга толук курамда чыкпагандыктан алтайлыктарга техникалык утулуш жазылды. Жарым финалда Кыргызстан Орусиянын Москва облусунун командасы менен беттешип... Читать дальше...
Кыргызстан буга чейин Монголия, Алтай, Москва командаларын жеңген.
7-сентябрда Орусиянын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Татьяна Голикова 2019-жылдан тарта курулушта иштеген чет өлкөлүктөрдүн санына өкмөт чектөө киргизүүнү сунуштап жатканын маалымдады. Чет өлкөлүк мигранттардын саны курулуш компанияларында иштеген жумушчулардын 80 пайызынан ашпашы керек. Чектөө Москва, Хабаровск жана Амур облустарынан башка аймактарда кабыл алынат. Голикова мыйзам долбоору учурда тийиштүү мекемелер менен макулдашылып жатканын, жумушчулардын бирикмелери аны колдогонун билдирди. Читать дальше...
Иран, Түркия, Орусия президенттери: Хасан Роухани, Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путиндин 7-сентябрдагы сүйлөшүүлөрү Сирияда Москва жана Тегеран колдогон өкмөттүк күчөр Идлиб провинциясына ири чабуул жасайбы деген кооптонуулардын шартында өтүүдө. Тегерандан келген маалыматтарга караганда, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Иран менен Орусияга Идлибге чабуулдун арты кыргынга айланышы мүмкүндүгүн эскертти. “Идлибге жасалган кандай гана чабуул болбосун бул кыйроого, кыргынга жана чоң гуманитардык трагедияга алып келет. Читать дальше...
Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Өзбекстандын командасына атайын утулган жок. Мындай пикирин Казакстандын көкбөрү командасынын оюнчусу Шынболат Айтуганов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, "казакстандыктар финалдык таймашка чыкпоо үчүн атайын жарым финалда өзбек улакчыларына утулуп калды" деген пикир чындыкка жатпайт. - Оюн болгондон кийин ошондой болот экен. Бардык жерде биринчи орунду ала бербейбиз да. Бул спорт. Жарым... Читать дальше...
Кыргызстандык окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылганын айтып беришти. Бул тууралуу маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жарыялаган баяндамада камтылган. Уюмдун белгилешинче, мектептеги зомбулук дүйнөнүн өнүккөн да, кедей да өлкөлөрүндө кездешет. Жалпысынан сурамжылоого 13-15 жаштагы өспүрүмдөр катышкан. ЮНИСЕФ ар бир өлкөгө кайрылып, окуучулардын укугун коргогон мыйзамдарды кабыл алып, иштетүүнү, алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштады. Мектептеги рэкет... Читать дальше...
Келе жаткан жекшемби күнү кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Никко Монтано менен UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиондук куру үчүн кармашат. Беттеш Американын Даллас шаарында өтмөкчү.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Британиянын талабы боюнча, орус бийлиги ууландырды деп жаткан Скрипалдар ишин карады.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын алкагында уюштурулган көк бөрү оюнунун финалында Кыргызстан менен Өзбекстан беттешүүдө.
Кыргызстанда жаңы медреселерди ачуу дээрлик токтоду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов бүгүн “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, 2014-жылы өлкөдө 114 медресе бар болчу, азыр алардын саны 107ге түштү, андан бери жаңылары ачыла элек. Комиссиянын талаптарын аткарбагандар жабылууда. Бүгүнкү күндө 24 медресеге үч айлык эскертүү берилген, эгер мамлекет койгон талаптар ишке ашырылбаса алар да жабылат. Эргешов белгилегендей, 107 медресенин 20-30га жакыны гана талаптарга толук жооп берет... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мечиттердин саны мектептерден көп болгонун жакшы көрүнүш катары баалады. Ошол эле маалда ал салттуу диндин баалуулуктарын тутунуп, мамлекеттик көзөмөл болушу керектигин билдирди. Саясатчылардын дин тууралуу билдирүүлөрү жана диниятчылардын ар кыл чакырыктары Конституцияга ылайык дин мамлекеттен ажыратылган Кыргызстан үчүн кандай көрүнүш? Кыргызстанда дин саясатташып кеттиби? Бул суроолорго «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев... Читать дальше...
Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында коло байге алды. Бүгүн 7-сентябрда 3-орун үчүн болгон беттеште казак көкбөрүчүлөрү Орусиянын Москва облусунун командасын 17:1 эсебинде жеңди. Казакстандыктар жарым финалда Өзбекстанга 4:5 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган эле. Алдыда финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешет. Оюн саат 18:00дө башталат. Мелдештин байге фонду 6 млн 200 миң сом. 1-орунга 3 млн сом... Читать дальше...
Москва командасы бир гана улак салууга жетишти.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 400дөй мечит мамлекеттик каттоодон өтпөй турат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, көбүнчөсү техникалык талаптарга жооп бербегендер: - Негизинен уруксатсыз жерге курулуп калган, жер маселеси талаш, имараты жаңы, бирок документи эски имараттыкы бойдон жүргөн, ашар ыкмасы менен салынып, техникалык талаптарга жооп бербеген 400дөй мечит каттоодон өтө элек болууда. Бирок бул багытта иш жүрүп жатат. Читать дальше...