АКШ бюджетине 800 млрд. жетпей калды
Саудия бийлиги журналист Жамал Хашогги сурак учурунда өлгөнүн жарыялоого камынып жатканы кабарланууда. Кошмо Штаттарынын бюджетиндеги таңкыстык 779 млрд. долларга жетти. Украин православ чиркөөсү өз алдынча болуп, Орусияныкынан бөлүнгөнү турат. Венгрия селсаяктарга шарттарды жакшыртып, түнөктөрдү көбөйтүүгө 32 млн. доллар бөлөт. Айдын кесеги аукционго коюлду.