Кыргызстандын курама командасы Малайзия футболчуларын жеңип алды
Командалар алгач ирет беттешти. Матч Малакка шаарында өттү.
Командалар алгач ирет беттешти. Матч Малакка шаарында өттү.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 16-октябрдын кечинде кызматынан кеткенин жарыялады. Удаа эле декабрда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнүн мыйзамдык жолун көрсөттү. Ага ылайык, президент дароо өкмөттүн отставкасын кабыл алат. Андан соң парламент эки ирет премьерди шайлабай коюшу керек. Анан парламент тарап, кезексиз шайлоо белгиленет. Парламентке кайра шайлоо өтсө гана "баркыт ыңкылабы" толук максатына жетерин Пашинян белгилеп келет. Бул жолго парламенттеги үч фракцияны көндүрүү үчүн узак сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Читать дальше...
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиядагы өкүлчүлүккө таянып, Москвада кыргыздардын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын кабарлоодо. Орус калаасында мекендештерди карактоого шектелген Мадияр менен Аскар деген кимдер?
Германиялык "Ауди" компаниясы 800 млн. евро (927 млн. доллар) айыпка жыгылды. Мюнхен шаарынын прокуратурасы "Аудинин" дизелдик автоунааларынан чыккан зыяндуу заттын өлчөмү туура эмес көрсөтүлгөн деп айыптаган. Сөз алты жана сегиз цилиндр кыймылдаткычтуу унаалар тууралуу жүрүүдө. Компания чечимди кабыл аларын, жогорку инстанцияга арыз менен кайрылбай турганын билдирди. Нормативдик талаптардан четтеп кеткени үчүн жоопкерчилигин сезери камтылган. Бул “быйылкы кирешеге сезилерлик терс таасир этет” деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Орусиядагы мигранттар катуу текшерүүгө алынды. Өзбекстанда пахта терүүгө маданият кызматкерлери тартылды. Казакстанда пластикалык операция келиндин өмүрүн алды. Ооганстандагы аялдар төрөт үйүндө гана көз жарууга аракеттенип калышты. Кытайдан келген казак кайрылмандарынын көйгөйү басыла элек. Индияда бир айылдын эли бири-бирин ырдап чакырышат.
Айрым коомдук уюмдардын теңирчиликти Кыргызстанда диний уюм катары каттоо талабы бул маселенин айланасындагы талаш-тартышты кайрадан жандандырды. Теңирчилер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия алардын уюмдарын каттоого албай, өз ишенимдерин кенен жайылтууга жол ачылбай жатканын айтып чыгышты. Ал эми айрым теологдор теңирчилерге мындай мүмкүнчүлүктү берүү кооптуу экенин эскертишүүдө.
Гаага сотунда Орусиянын "РусГидро" компаниясынын арызы менен "Жогорку Нарын каскады" долбооруна байланыштуу ишти карай турган курам аныкталды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Сауд Арабиясынын падышасы, ички иштер министри жана такты мураскору менен жолукту. Майк Помпео 2-октябрдан бери дайыны чыкпай жаткан журналист Жамал Хашогги жөнүндө сүйлөшкөнү Эр-Риядга барган. Андан кийин окуя болгон Түркияга жөнөйт. АКШ эгерде Сауд Арабиясы журналисттин жоголушуна тиешеси бар болсо “катаал жазага” туш болорун билдирген. Эр-Рияд бул ишке аралашпаганын билдирип, опузага же жазага эки эсе кубаттуу жооп кайтарарын эскертүүдө. Акыркы жылдары падышалыктын... Читать дальше...
Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын Ташкент шаарына жөнөп кетишти. Союз тараганы олку-солку иштеп калган бул аймактык театр ушул жылдан баштап чет жакка гастролдорго чыга баштады.
16-октябрда Ооганстанда "Талибандын" чабуулдарынан ондогон полиция кызматкери мерт болду. Өлкөнүн түндүгүндөгү Саманган вилаетиндеги кол салууда жыйырмага жакын, анын ичинде вилаеттин полиция башчысынын орун басары курман болгон. Жоочулар бир нече көзөмөл өткөрмө бекеттерин ээлеп алышканын вилаеттин губернатору Абдул Латиф Ибрахими билдирди. Ал эми өлкөнүн борбор жагында оор курал-жаракчан жүздөгөн жоочу Кайран районундагы көзөмөл-өткөрмө бекетин аткылаган. Дайкунди вилаетинин расмий өкүлү Али... Читать дальше...
Саудия бийлиги журналист Жамал Хашогги сурак учурунда өлгөнүн жарыялоого камынып жатканы кабарланууда. Кошмо Штаттарынын бюджетиндеги таңкыстык 779 млрд. долларга жетти. Украин православ чиркөөсү өз алдынча болуп, Орусияныкынан бөлүнгөнү турат. Венгрия селсаяктарга шарттарды жакшыртып, түнөктөрдү көбөйтүүгө 32 млн. доллар бөлөт. Айдын кесеги аукционго коюлду.
Түркиянын Анталия шаарына иштегени барган 17 кыргызстандык айлык акысын ала албай жүрөт. Алар Бишкектен жеке менчик агенттик аркылуу келип, сезон бүткөнүнө байланыштуу кайра Кыргызстанга кайтмакчы болушкан. Бирок иш берүүчү эмгек келишиминде жазылган учак билеттерин алып бере элек.
Өлкөдө акыркы учурда балык чарбачылыгы өнүгө баштады. Балыктан баар таап, байыгандар да арбын. Анткени ал кирешелүү бизнес. Бир форель 500 сомго бааланат. Балыктарды миңдей кылып көбөйтүп миллиондогон киреше тапса болот.
Ош шаарындагы Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, шаршембиге караган түнү тутанган өрттү өрт-куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери эки саатка жакын убакытта өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты күйүп кетти. Окуу жайынын чоң залы толугу менен, андагы кымбат баалуу музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бул музыкалык окуу жайы 1963-жылы ачылган. Читать дальше...
Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев өзгөчө ири өлчөмдө акча уурдаган деп шек саналууда. Бул тууралуу 16-октябрда Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөш агенттигинин өкүлү Жанна Бастарова билдирди. - Ал жооптуу кызматты ээлеп туруп, Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин курулушунда аткарылган иштер тууралуу атайын жалган актыга кол койгон деп шек саналууда. Анын мыйзамсыз иш-аракеттеринин зыяны 140 миллион теңгеден (25,2 млн. сом – ред.) ашкан, - деди Бастарова. Читать дальше...
Сириянын Идлиб провинциясында демилитаризациялык буфердик аймак түзүш үчүн Түркия менен Орусиянын макулдашуусунда каралган мөөнөт аяктады.
Быйыл жыл башынан бери Мамлекеттик чек ара кызматында тогуз кызматкер каза тапты. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында мекеменин башчысы Уларбек Шаршеев билдирди. Бирок, Шаршеевдин айтымында, алардын өлүмү кызматка байланыштуу болгон жок жана алар аскерге милдеттүү чакырылган жоокерлер эмес болчу. - Мамлекеттик чек ара кызматына аскерге чакырылгандардын арасында 2016-жылдан бери өлүм фактылары каттала элек. Каза болгондор офицерлер, прапорщиктер жана келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандар. Читать дальше...
Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги Кыргызстандын тышкы иштер министринин кызматына көрсөтүлдү.
Бишкекте, президенттик администрациянын алдында Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылган акция өтүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, акция тынч өтүүдө. Аларга Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери көз салып турушат: - Пикетке баш-аягы жети киши чыкты. Алар “Урматтуу президент, Текебаев ак киши, анын бошотулушун талап кылабыз” деген жазууларды кармап турушат. Пикет тынч өтүп жатат. Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок. Читать дальше...
Орусиянын “РусГидро” ишканасы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоору боюнча маселени чечүү үчүн Кыргызстан сунуштаган жолго макул болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Энергохолдинг ишканасынын башчысы Азамат Абдыкадыров билдирди. - Алар “Өзүңөрдүн үлүшүңөрдү сатып алып, маселени өзүңөр чечип алгыла. Бизге чыгымдарыбызды төлөп бергиле” деген сунушун айтып жатышат. Абдыкадыров “РусГидро” Гаага сотуна кайрылганы тууралуу маалыматты тастыктап, сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бул... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Бостон шаарында Айдын ташы аукционго коюлду. Метеорит өткөн жылы Африканын түндүк-батышынан табылган. Жалпы салмагы беш килограмм. Товар ушундай табылгаларды алып сатуу менен алектенген "Aerolite Meteorites" ишканасыныкы. - Биз Айдын бир бөлүгүн көрүп турабыз. Бирок бул «Аполлон» миссиясынын астронавттары 1960-70-жылдары көтөрө келген Айдын ташы эмес. Бул Жердин жандоочунан бөлүнүп, өз алдынча планетабызга түшкөн метеорит, - дейт ишкананын жетекчиси Жефф Ноткин. Ноткин Жердин... Читать дальше...
Хабиб кийинки беттешин Макгрегор менен эмес Фергюсон менен өткөрүп, андан ары карьерасын жыйынтыктоону ойлоп жаткандыгын билдирген.
Комсомолдук, партиялык ишмер Курман Камбаровдун сөөгү “Ата-Бейиттеги” 138 кайрандардын катарында 1991-жылы 30-августта кайрадан коюлган. Сталиндик кандуу жазалоо күчөп турган чакта 29 жаштагы азамат жалган айыптар менен 1938-жылы өлүм жазасына өкүм кылынган.
Москвада өз мекендешинен бычак жеп каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн үйүнө жөнөтүүгө документтер даярдалып бүттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 13-сентябрда «Макдональдс» тамактануу жайында кыргызстандык балдар мушташа кетишкен. Жарадар болгон 19 жаштагы жигит ооруканага жеткирилип, 14-октябрда эсине келе албай көз жумган. Окуя боюнча Москванын Кузьмин район аралык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, адам өлүмүнө шектүү кыргызстандыкты камакка алды. Читать дальше...
Венгрия өкмөтү селсаяктардын жашоо шарттарын жакшыртууга 32 млн. доллар бөлүүгө убада берди. Ошол эле маалда дүйшөмбүдөн тартып аларга көчөдө же коомдук жайларда түнөгөнгө тыюу салынды. Тиешелүү мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Быйыл июнда ал өзгөртүлдү. Ага ылайык, полиция селсаяктарды мажбурлап атайын түнөктөргө алып бара алат. Эгер ал үч айдын ичинде эрежени үч жолу бузса, тартип сакчылары кармап, буюм-тайымдарын жок кылууга акылуу. Улуттар Уюму жана эл аралык укук коргоочулар мыйзамды "адамгерчиликсиз" деп баалашты. Читать дальше...