Теңирчилик динби?
Айрым коомдук уюмдардын теңирчиликти Кыргызстанда диний уюм катары каттоо талабы бул маселенин айланасындагы талаш-тартышты кайрадан жандандырды. Теңирчилер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия алардын уюмдарын каттоого албай, өз ишенимдерин кенен жайылтууга жол ачылбай жатканын айтып чыгышты. Ал эми айрым теологдор теңирчилерге мындай мүмкүнчүлүктү берүү кооптуу экенин эскертишүүдө.