“Чалдыбар” бекетинин кызматкерлери кармалды
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Чүй облусунун “Чалдыбар” ветеринардык жана салмак бекетинин кызматкерлери паракорлукка шектүү катары кармалганын кабарлады.
Финполициянын маалыматына ылайык, бекеттеги мыйзамсыз иштер боюнча териштирүү жүргүзүлгөн. Натыйжада бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталып, Чүй облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча иш козголгон. Анын негизинде 1-декабрында ыкчам тергөө иштерин жүргүзүү учурунда “Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык бекетинин тескөөчүсү менен аталган жердеги салмакты текшерген тескөөчүсү кылмыш убагында кармалды. Учурда тергөө уланууда. (BkA)