Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2018

Новости за 05.12.2018

Azattyk.org 

ЕБ Донбасста шайлоо өткөрүүгө байланыштуу тогуз кишини "кара тизмеге" киргизет

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Европа Биримдигиндеги булактарынын кабарлашынча, уюм Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта шайлоо өткөрүүгө байланышы бар тогуз кишиге санкция салат. "Кара тизмеге" алгач беш кишинин ысымы киргизилген, бирок Польша жана башка өлкөлөр дагы төрт кишини сунуштаган. Акыркы тизмени Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери кийинки жумада Брюсселдеги жолугушуусунда кабыл алат. Евробиримдик буга чейин Украинанын чыгышындагы Орусиянын аракеттерине... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кардарга катылган айдоочулар

Бишкекте кардардын телефон номурун сактап алып, ага интим кызматын сунуштаган такси айдоочусунун иши сотко өттү. Буга чейин “таксист кардарды зордуктоого аракет кылган” деп айыпталып, эки айга камакка алынган.

Azattyk.org 

Буштун тажиясына АКШнын беш президенти келди

Американын 41-президенти Жорж Буштун мамлекеттик тажиясы 5-декабрда Вашингтондогу улуттук кафедралдагы собордо өтүп жатат. Ал 30-ноябрда 94 жаш курагында көз жумган.  Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Американын саясий элитасы, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, азыркы жана мурдагы президенттер келди. Көзү тирүү экс-президенттер - Жимми Картер, Билл Клинтон жана Барак Обама тажияга жубайлары менен катышууда. Ага учурдагы президент Дональд Трамп да жубайы Мелания менен келди. Мамлекеттик коштошуу зыйнатында маркумдун уулу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Словакия тыңчылыкка шектелген орус дипломатын өлкөдөн чыгарды

Премьер-министр Питер Пеллегрининин 5-декабрда айтышынча, дипломат өлкөдөн ноябрдын акырында чыгарылган. Өлкөнүн аскердик чалгын кызматы “ал Словакиянын жана НАТОнун кызыкчылыгына каршы тыңчылык иштерин жүргүзгөнүн” аныктаган. Питер Пеллегрини өлкөдөн чыгарылган орус жаранынын атын атаган жок, бирок ал Орусиянын Братиславадагы элчилигинде коргоо атташеси кызматкери катары иштегенин кошумчалады. Москва словак премьер-министринин айтканы боюнча комментарий бере элек. Словакия - НАТОнун жана Европа Биримдигинин мүчөсү.

Azattyk.org 

Путин: Ракеталык келишимди бузууга каршыбыз

Орус президенти Владимир Путин АКШ 1987-жылы түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуудан чыкса, Москва тиешелүү чараларды көрө турганын эскертти. - Биз бул келишимди бузууга каршыбыз. Бирок андай боло турган болсо, тиешелүү аракеттерди көрөбүз, -  деди Орусиянын президенти 5-декабрда Москвада сүйлөгөн сөзүндө. Ал Вашингтон Орусияны келишимдин шарттарын бузду деп айыптаганы менен, далилдерди көрсөтө албай жатканын кошумчалады.   Бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атамбаевдин миллиондору

УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирип жатат. Ушул тушта экс-президенттин мүлкүн, байлыгын текшерүүнү талап кылгандардын катары калыңдай баштады. “Азаттык” Атамбаевдин миллиондорунун таржымалын иликтеди.

Azattyk.org 

Абортко ата-эненин уруксаты керекпи?

АКШ Орусия менен ракеталарды чектөө боюнча келишимден чыгарын дагы эскертти. Иран кайрадан Ормуз кысыгын жаап салаарын кыйытты. Казакстанда кыздарга 16 жаштан тарта ата-энесинин макулдугусуз боюнан алдырууга уруксат берүү сунушу кызуу талкууда.

Azattyk.org 

Швецияда Йемендеги согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү башталат

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрем Стокгольмго Йемендеги согушка тиешеси бар тараптар келе баштаганын кабарлады. Ал “Твиттерге” "Йемендеги жаңжалды талкуулаш үчүн БУУнун, Швециянын, Кувейттин өкүлдөрү, ошондой эле куралдуу хусит тобунун делегациясы келди” деп жазды. Министр ошондой эле Йемен өкмөтүнүн адамдары да келе турганын кошумчалады.  БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Мартин Гриффитс Иран колдогон хуситтер менен Сауд Арабиясы кубаттаган Йемендин президенти Абду Рабу Мансур Хадинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Армения шайлоого байланыштуу ЖККУнун саммитин жылдырууну суранган эмес

Армения Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) 6-декабрга белгиленген саммитин шайлоого байланыштуу башка мөөнөткө жылдырууну суранган эмес. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашиняндын өкүлү Арман Егоян билдирди. 4-декабрда Орусиянын президентинин кеңешчиси Юрий Ушаков саммитти жылдыруу тууралуу чечим 9-декабрда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүп жаткан Армениянын суранычына ылайык кабыл алынганын кабарлаган. Ал 6-декабрга белгиленген саммит эми кийинки жылы өткөрүлчүдөй болуп жатканын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайдагы кыргыздарды колдогон акция өттү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өттү. Акцияга катышкан жыйырмага жакын киши Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө адилетсиз кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту көңүл бурууга чакырды.

Azattyk.org 

“Кыргызстандагы конфессия аралык кеңешме” түзүлөт

Кыргызстанда конфессиялардын ынтымагын бекемдөөгө багытталган кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу 5-декабрда Бишкек шаарында ар түрдүү диний уюмдардын ортосундагы сабырдуулукту жана конфессия аралык ынтымакты бекемдөөгө арналган “Кыргызстандагы конфессия аралык диалог” аттуу конференцияда айтылды. Учурда бул боюнча атайын жобо иштелип чыкты. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара дин аралык платформа түзүүдө диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун арттыруу максатында уюштурулду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жөлөкпул жөнүндө мыйзам тармактык комитетке кайтарылды

Жогорку Кеӊеште эки мыйзамды бири-бирине шайкеш келтирүүгө багытталган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайтарылып берилди. Депутат Кенжебек Бокоевдин айтымында, мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган “Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. - Мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилген... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Манас” аэропортунун жетекчиси болуп Нурлан Акматов дайындалды

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп Нурлан Акматов дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 5-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жүрүшүндө Нурлан Акматовду башкармалыктын төрагасы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алынган. Нурлан Акматов кесиби боюнча экономист жана юрист. Ал буга чейин “Газпром Нефть Азия” ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Нарында хоккей лигасы уюшулду

Нарын шаарында хоккей боюнча Нарын лигасынын алгачкы сезонунун оюндары башталды. Лиганын президенти Нурбек Ташболот уулунун айтуусунда, 4-декабрда башталган оюндар 10-декабрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан, Орусиядан жана Казакстандан 6 команда: “Арстан”, “Кыргыз темир жолу” (Бишкек), “Нарын бүркүттөрү”, “Кеңеш учкучтары” (Нарын облусу), Алмата шаарынын “Енбек" жана Орусиянын Новосибирск шаарынын “Омега” командалары катышып жатат. Нарын хоккей лигасы быйыл жаңы негизделди. Оюндар жыл сайын эки турда (кыш жана жаз мезгилинде) өтөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: жолдор тайгак болот

6-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9, Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8 күндүз 4...9, Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9, Нарын облусунда түнкүсүн -16...-22, күндүз -2...-7 градус болот. Бишкек шаарында 6-декабрда жамгыр жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айтматов - империянын акыркы жазуучусу

Чыңгыз Айтматовдун адам катары турмушу, тагдыры, тагыраак айтсак, ички инсандык драмасы анын чыгармаларынын негизин, идеялык өзөгүн түздү деп айтып келебиз.

Azattyk.org 

Түркия журналисттин өлүмү боюнча эки саудиялыкты камакка алууга ордер берди

Түркиянын соту "журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүүгө тиешеси бар" деген негизде Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасынын мурдагы эки жардамчысын камакка алууга ордер берди. Ханзаада Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси Сауд Ал-Кантани менен башкы чалгынчынын мурдагы орун басары Ахмед ал-Ассирини камакка алуу тууралуу прокурорлордун өтүнүчү канааттандырылганын Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.  Прокурорлор шейшемби күнү сотко жөнөткөн документтерде "Саудиянын... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ ракеталык келишимден чыгуу боюнча Орусияга расмий кат жөнөттү

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Вашингтон эгер Москва Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуунун талаптарын сактабаса, Кошмо Штаттар андан чыга турганын расмий кабарлады. Тышкы иштер министрлинин басма сөз катчысы Мария Захарованын 5-декабрда айтканына караганда, маалыматта Орусия келишимдин шарттарын бузуп жатканы айтылып, бирок далилдер көрсөтүлгөн эмес. Захарова Орусия келишимди урматтап, аны эл аралык коопсуздуктун маанилүү келишими деп эсептей тургандыгын кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Финпол: Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келүү боюнча иш жүрүп жатат

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжандан кармалганын “Азаттыкка” ырастады. Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, азыр Жунусовду Кыргызстанга алып келүү боюнча иш жүрүп жатат. - Азыр Жунусов Азербайжан Республикасында. Учурда аны Кыргызстанга алып келиш үчүн Финполициянын кызматкерлер тобу жөнөп жатат, - деди ал.  Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Чалдыбар” бекетинин кызматкерлери кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Чүй облусунун “Чалдыбар” ветеринардык жана салмак бекетинин кызматкерлери паракорлукка шектүү катары кармалганын кабарлады. Финполициянын маалыматына ылайык, бекеттеги мыйзамсыз иштер боюнча териштирүү жүргүзүлгөн. Натыйжада бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталып, Чүй облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча иш козголгон. Читать дальше...


Непомнящий — о ситуации с Промесом: запредельный уровень безалаберности клуба и самого игрока

ТАСС: Задержан зампред правительства Алтайского края Кибардин

Специалисты благоустроят сквер вдоль проезда Серебрякова в Свиблове

«Коммерсант»: Шойгу не сразу пустили на переговоры лидеров России и Китая



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Специалисты благоустроят сквер вдоль проезда Серебрякова в Свиблове

У столичных работодателей резко вырос спрос на новосибирских «айтишников» уровня senior

Москвичи попадут под дождь и успеют насладиться солнцем

«Коммерсант»: Шойгу не сразу пустили на переговоры лидеров России и Китая

Музыкальные новости

Состоялась Байкальская театральная школа в Бурятии: Россия и Культура, Дети

В Республике Марий Эл вновь пройдет кинофестиваль «Движение по вертикали», посвященный памяти Станислава Говорухина

В Москве пройдет заплыв «Кубок Чемпионов» от организаторов Swimcup. В старте, который пройдет в гребном канале «Москва», примут участие более 1000 пловцов

Футболисты «Локомотива» – в расширенном составе сборной России на июньский сбор

Новости России

ТАСС: Задержан зампред правительства Алтайского края Кибардин

Квартирный plus-size: к чему может привести отказ Москвы от микростудий

Москвичи попадут под дождь и успеют насладиться солнцем

Музыкальный театр из Карелии приедет в Хакасию с «Большими гастролями»

Экология в России и мире

Россия, Культура, Дети: конкурс на новую эмблему обьявил Театр Ульгэр в Республике Бурятия

Lamoda запустила бренд мужской одежды и обуви Mademan

Пермский край, Суксунский район

С чем носить джинсовое платье этой весной: примеры образов

Спорт в России и мире

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

Свёнтек высказалась об акции протеста экоактивистов, выбежавших на корты Рима

Moscow.media

Вышло обновление системы расширенной аналитики «Дельта BI»

Под красным куполом

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Konica Minolta Business Solutions Russia и Facemetric предложат заказчикам решения на базе технологий компьютерного зрения







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *