Кытайдагы кыргыздарды колдогон акция өттү
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өттү. Акцияга катышкан жыйырмага жакын киши Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө адилетсиз кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту көңүл бурууга чакырды.