Назарбаев: ЕАЭБдин бирдиктүү валютасын киргизүүгө көп бар
Казак президенти Нурсултан Назарбаев 27-декабрда бир нече журналисттер менен жолугушуп маектешкен. Президент менен суроо-жооп форматында өткөн маектешүүнү жергиликтүү телеканалдар 28-декабрда көрсөтүштү. Анда Назарбаев ЕАЭБдеги бирдиктүү акча боюнча суроого “бул алыскы келечектин маселеси” деп жооп берди.
- Бул тема олуттуу сүйлөшүлгөн эмес. Балким Европадагыдай евро болушун каалап жатышат. Ал кимге керек? Бул жакшы бирок, биз үчүн буга көп бар.
Мындан сырткары Нурсултан Назарбаев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.
Декабрь айында президент Сооронбай Жээнбеков "Россия-24" телеканалына курган маегинде журналисттин "Сиздин кыялыңыздагы ЕАЭБ кандай болушу керек?" деген суроосуна "Евробиримдиктегидей, чек аралар ачык болуп, жарандар эркин каттап, тең укуктуу тейлөөгө ээ болгондой шарт түзүлсө" деген ниетин айткан.
Журналисттин "Евробиримдиктин бирдиктүү валютасы бар да" деген кайчы суроосуна Жээнбеков "биз дагы мына ошого баратабыз" деп жооп кайтарган. (TSh)